• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: ӨКМ аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты. 7 өрт кырсыгы катталды

19 Аяк оона 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

“МАНАСТА” ЖАҢЫ АЭРОВОКЗАЛ КУРУУ ПЛАНДАЛУУДА

«Манас» аэропортунда саатына кеминде 1,5 миң адамды өткөрүүгө мүмкүн болгон жаңы аэровокзал куруу пландалууда. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында «Манас» эл аралык аэропорту» ААК башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов билдирди.

«Азырынча техникалык-экономикалык негиздемеси даярдала элек, бирок биз Бишкектеги аэропорттун инфраструктурасын кантип жакшыртуу боюнча план даярдап жатабыз. Кошумча учуу тилкесин куруу планы да бар, бирок баарын эсептеп чыгышыбыз керек», — деди ал.

7 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 7 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Тилсиз жоону өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

Малыматка ылайык, Ош шаарында – 1; Ош облусунда – 1; Жалал-Абад облусунда – 3; Нарын облусунда – 2 тилсиз жоо катталган.

АБА ЫРАЙЫ КЕСКИН ӨЗГӨРӨТ

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Синоптиктердин билдирүүсүнө таянсак, 20-22-сентябрда өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

21-22-23-сентябрь күндөрү түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.

Количество просмотров: 77