• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус 1 бейтап каза болду. Кайгуул кызматкери айдоочуга курал такаган

18 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 18-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Жаңы учурлар: Бишкек шаарында; Чүй облусунда – 4; Ош облусунда – 1.

Акыркы суткада 31 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 112 бейтап, амбулатордук түрдө 97 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 787 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 16 киши айыгып чыкса, 2 миң 977 адам каза болду.

БАҢГИЗАТ САТКАН ОНЛАЙН-ДҮКӨНДӨР АНЫКТАЛДЫ

Интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөн аныкталып, ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Синтетикалык баңгизаттарга, IT технологиялар чөйрөсүндөгү баңгилик коркунучтарга, баңгилик кирешелерди легалдаштырууга каршы аракеттенүү боюнча башкармалыгы интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүп келет.

“Баңгизаттарды сатуу боюнча онлайн-дүкөндөр аныкталып, 30 дүкөндүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган. Башкармалыктын кызматкерлери Telegram жана башка интернет аянттарында тыюу салынган заттарды сатуучу жактарды аныктоо үчүн мониторинг жүргүзгөн”, — деп айтылат маалыматтта.

Кезектеги мониторинг жүргүзүү учурунда 2021-жылдын декабрында Бишкек шаарында интернет дүкөн аныкталып, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу, өндүрүүчү баңгилик лабораторияга бөгөт коюлган.

Азыркы күндө баңгизат каражаттарды жана психотроптук заттарды таркатуучу интернет-дүкөндөрдү уюштуруучулар жана ага тиешеси бар жактар аныкталган, “Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (изин жашыруу) жана “Кыргызстандын чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелерине кирүүчү предметтердин контрабандасы” беренеси боюнча фактылар катталган.

КАЙГУУЛЧУЛАР МОТОЦИКЛДИН АЙДООЧУСУНА ТАПАНЧА ТАКАГАН

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери мотоциклдин айдоочусуна тапанча такаганы тартылган видео интернетте тараган.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кайгуулчулар Сухэ Батор жана Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган мотоциклдин айдоочусун токтотушканда айдоочу баш ийбей качкан. Кийин ал 12-кичирайонунан кармалып, наркология бөлүмүнөн текшерүүдөн өткөндө мас абалында экендиги аныкталган.

Айдоочуга карата жол эрежелерин бузгандыгы үчүн беш протокол түзүлгөн.

Ал эми кармоо учурунда кызматкердин ок атуучу куралды алып чыккандыгы үчүн кызматтык иликтөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 139