• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирус 151 кишиден жаңы аныкталды. Жапаров үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлыгы 100% көтөрүлгөнүн айтты

9 Чын куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги 9-апрелде билдиргендей, Кыргызстанда бир суткада коронавирус 151 кишиден жаңы аныкталды.

Бир күн аралыгында илдеттен каза болгон учурлар катталган жок. Мекеменин жаңы эсеби боюнча, пандемия башталган 2020-жылдын март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1516 кишиге жетти.

Акыркы күндөрдө өлкөдө илдетке чалдыккандар айыккандардан кыйла арбын болууда. Күн сайын расмий каттоого алынган бейтаптардын саны 100дөн ашса, 8-апрелде вирус табылгандар 200дөн ашып, сентябрдан берки эң көп учур катталды.

Статистикага ылайык, пандемия башталган бир жыл аралыгында оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 811 кишини түздү.

Анын 85 719у айыкты. Акыркы бир суткада 112 бейтап сакайып чыкканы кабарланды.

МЕДИКТЕРДИН АЙЛЫГЫ КӨТӨРҮЛӨТ

Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун кызматкерлеринин эмгек акылары 1-апрелден баштап 100% көтөрүлдү.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы расмий баракчасы аркылуу маалымат таратты.

Анда президент күн өткөн сайын оорлошуп жаткан жашоо-турмушту жеңилдетүү үчүн айлык, пенсия, жөлөк пулду жогорулатуу керектигин айткан.

Азыр эмгек акыларды көбөйтүү үчүн аракет жасалып жатканын белгилеп, буга үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда иштегендердин айлыктары көтөрүлгөнүн мисал келтирген. Муну менен дарыгерлерди ишке тартуу аракети көрүлүп жатканын билдирген.

Калган медицина жана маданият кызматкерлеринин эмгек акылары 1-июлдан баштап 50% жогорулай турганын, башка тармактардын айлыгын жана пенсия, жөлөк пулду көтөрүүгө булактар изделип жатканын маалымдады. Каржылоо булактарды таппаса, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджет туруштук бере албай турганын эске салган.

Расмий маалыматка караганда, учурда өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан адистер иштебей койгондуктан бул орундар бош калган.

ҮГҮТ ИШИНДЕГИ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР

8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында 11-апрелде өтүүчү референдумга жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшү менен аны уюштуруу маселелери тууралуу БШКнын маалыматы угулду.

Анда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов 18 партияга эскертүү берилип, 3 талапкер шайлоодон четтетилгенин билдирди.

“Эгер шайлоочуларды сатып алуу тууралуу далилдүү фактылар бар болсо, шайлоо жараяндарынын бардык этаптарында мыйзам бузууга барган талапкерди жарыштан алып салуу мүмкүнчүлүгү бар. Бүгүнкү күнгө чейин ар башка саясий партиянын атынан чыгып жаткан 3 талапкер шайлоодон четтетилген, 18 партия эскертүү алган.”, – деди Абдыжапар Бекматов.

Количество просмотров: 166