• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 1 адам каза болду. Журналисттин өлүмүнө байланыштуу блогер кармалды

28 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 28-мартка карата коронавирус 13 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 13 адамдан вирус табылган. Акыркы суткада 11 адам илдеттен сакайып чыгып, бир адам каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 92 бейтап, амбулатордук түрдө 50 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 892 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 181 киши айыгып чыкса, 2 миң 985 адам каза болду.

ТӨРӨБАЕВ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ

Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарылкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна дайындоого Төрөбаев Бакыт Эргешевичтин талапкерлигин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизүү токтом кылынат.

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт — Кыргызстан” фракциясынын төрагасы болуп турган Бакыт Төрөбаев 49 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон.

ЖУРНАЛИСТТИН ӨЛҮМҮ БОЮНЧА БЛОГЕР КАРМАЛДЫ

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Ага ылайык, журналист Арзыгүл Галымбетова жергиликтүү милицияга 25-мартта кайрылып, ”Батма-бат” Youtube каналынын автору Батмакан Жолболдуева аны каралап жатканын айтып арыз жазган.

“Ошол эле күнү тактап айтканда 25-мартта арыздануучу чыр-чатактан соң, саламаттыгы начарлап саат 20.00дөр чамасында ооруканага кайрылат. Арзыгүл Галымбетовага дарыгерлер жардам көрсөткөндүгүнө карабай ошол эле түнү каза болуп калат. Бул факты боюнча арыздануучунун арызынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 127-беренеси (“Этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү”) менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштеринин негизинде Баткен шаарынын 33 жаштагы тургуну, Б.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди”,-деп айтылат маалыматта.

Галымбетова Бишкектеги гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. Алгач «Манас жаңырыгы» телеканалында, кийин «КТР-Обо» гезитинде иштеген. Соңку жылдары Баткендин облустук телеканалында жана «Турмуш» сайтында эмгектенип келген.

Количество просмотров: 109