• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 11 адам көз жумду. Кайра шайлоого канча каражат кетти

12 Теке 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Коронавируска каршы күрөшүү штабынын 12-июлдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 11 бейтап каза болду.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жаңы эсебине ылайык, коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттин курмандыктары 2 113 кишиге жетти. Вирус акыркы бир суткада дагы 1 330 кишиден аныкталды. Расмий маалымат боюнча, пандемия башталгандан бери инфекцияны 140 978 адам жугузуп алды.
Бир суткада 763 адам айыкты. Жалпы айыгып чыккандардын саны 118 771.
Ооруп жаткандар 18 934 деп эсептелди, алардын 4 694ү ооруканада, 14 420сы үйүнөн дарыланууда.

4 ШААРДА ЭМДӨӨ ПУНКТАРЫ КҮНҮ-ТҮНҮ ИШТЕЙТ
Бишкек, Чолпон-Ата, Каракол жана Ош шаарында калкты коронавируска каршы эмдөөчү нөөмөт пункттар күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова кабарлады.
Анын айтымында, Sinopharm вакцинасы бүгүн, 12-июлда өлкөнүн аймактарына жеткирилет. Бул үчүн атайын унаа жана вакциналарды сактоочу муздаткычтар каралган.
Калкты тез арада эмдөө үчүн эл көп чогулган парк, аянттарга атайын чатырлар тигилет.
11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза Кытайдан вакцина келерин кабарлады.
29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөөдөн өлкө боюнча 130 миңге чукул киши өттү.

КАЙРА ШАЙЛООГО КАНЧА АКЧА КОРОТУЛДУ
Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине депутаттарды кайра шайлоого катышкан партиялар шайлоо өнөктүгүнө 44 миллион 308 миң сом коротту.
Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) эсеби боюнча партиялар шайлоого Бишкекте 34 миллион 342 миң сом, Ошто 7 миллион 770 миң сом, Токмокто 2 миллион 140 миң сом жумшады.
11-июлда үч шаарда шайлоо өттү. Баштапкы эсепке ылайык, Бишкекте 18 партиядан алтоо, Ошто сегиз партиядан төртөө, Токмокто алты партиядан бешөө утту. Бул эсеп добуш саноонун акырына чейин өзгөрүшү мүмкүн. Бишкек менен Ошто 45, Токмокто 31 мандат бар.
Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, Ички иштер министрлигине жалпы 67 маалымат түштү.
Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Аталган үч калаада мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Количество просмотров: 101