• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жкмду. Пирматов Кумтөрдөгү коррупцияга күнөөлүү деп табылды

9 Аяк оона 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 9-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан эки киши каза тапты. Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2563 адамга жетти.

Соңку бир суткада вирус дагы 104 адамдан аныкталды. Алардын 61и Бишкек шаарында катталган. Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 883 кишиге жетти.

Алардын 698и ооруканада жатат, дагы 1122 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 137 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 171 048 киши.

ПИРМАТОВГО ӨКҮМ ЧЫКТЫ

“Кумтөр иши” боюнча айыпталган мурдагы депутат Исхак Пирматов Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

“Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 9-сентябрындагы өкүмүнө ылайык, И.А. Пирматов Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, ага карата 3000 эсептик көрсөткүч, башкача айтканда мамлекеттин пайдасына 300 миң сом өлчөмүндөгү айып салуу түрүндөгү жаза белгиленди”,-деп айтылат маалыматта.

Исхак Пирматов Кумтөр боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте 31-майда сурак бергенден кийин кармалып, эки айга камакка алынган. Кийин тергөө менен кызматташканы үчүн 15-июлда эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен бошотулган.

КАТЫЛГАН КУРАЛ-ЖАРАКТАР ТАБЫЛДЫ

Кечээ, 8-сентябрда УКМК тарабынан ок атуучу курал, ок-дары жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз колдонууга багытталган иш-чаралардын алкагында, Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дары катылган жер табылды.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, ал жерден 1 даана «Ф-1» гранатасы, 7,62 мм калибрдеги ок жана «ПМ» маркасындагы номурлары өчүрүлгөн тапанча табылды.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында табылган заттарды каткан адамдарды жана ушул сыяктуу ок-дарылар катылган башка жерлерди аныктоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 60