• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жумду. 12 жеке медициналык окуу жайы жабылат

24 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 24-февралга карата коронавирус 14 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 137 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 207 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 8 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 402 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 664 киши айыгып чыкса, 2 миң 950 адам каза болду.

12 МЕДИЦИНАЛЫК ОКУУ ЖАЙ ЖАБЫЛАТ

Кыргызстандагы 12 жеке медициналык окуу жайы жабылат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, бешөө 1-апрелге чейин текшерилет.

«17 жеке менчик медициналык окуу жайында көбүнчөсү Пакистандан, Индиядан келген студенттер билим алышат, бирок андагы билимдин сапаты тиешелүү талаптарга жооп бербейт», — деди министр.

СОКУЛУКТА ЖЕРЛЕРГЕ КҮБӨЛҮК БЕРИЛДИ

Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айыл аймагында жайгашкан ЖЭБ-2 аймагында 680ден ашык адамга жерге болгон күбөлөндүрүүчү документ берилди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Абдулат Мырзаев билдирди.

Анын айтымында, жерди мыйзамдаштыруу учурда Бишкектин аймагында гана жүрүүдө.

“ЖЭБ-2де 47,7 гектар жер аянтында 900дөн ашык адам үй куруп алган. Министрлер кабинети бул аймакта жашаган тургундар үчүн 47,7 га жерди мыйзамдаштырган. Учурда 680ден ашык адамга жерге болгон күбөлөндүрүүчү документ берилди. Калгандарында тактоо иштери жүрүп жатат. Толук берилген жок. Анткени айрымдары Кыргызстандын жарандары эмес, ажырашып жатканы да бар жана башка себептерден улам каралып жатат”, — дейт ал.

Мырзаев өзүм билемдик менен курулган үйлөрдүн баары мыйзамдаштырылбай турганын белгиледи.

Количество просмотров: 92