• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 2 адам көз жумду. Жээнбеков шайлоого катышуу ниетин билдирди

12 Тогуздун айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 12-октябрда ооруну жуктуруп алган эки бейтап каза болду. 93 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды.  Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 429 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 622 адам каза болду. Бир күндө 112 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 442 адам ооруканада, 672 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, коронавирус жуктуруп каза болгондордун бардыгы вакцина албагандар. Кыргызстанда инфекцияга каршы эмделгендердин жалпы саны 1,5 миллиондон ашты. Алардын 870 миңден ашууну вакцинанын биринчи дозасын алган.

ЖЭЭНБЕКОВ ШАЙЛООГО КАТЫШУУ АРЫЗЫН БЕРДИ

Абактагы оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков парламенттик шайлоого талапкер болуп катталуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз тапшырды. Бүгүн 12-октябрда аны БШКга абак кызматкерлеринин коштоосунда алып барышты.

Саясатчы Бишкек шаарынын Ленин районунан талапкер болууга арыз тапшырды.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Талапкер болууну каалагандар арызын 13-октябрга чейин бериши зарыл. Талапкерлерди каттоо 29-октябрда жыйынтыкталат.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет. 

ӨЗҮН-ӨЗҮ КӨРСӨТКӨН ТАЛАПКЕРЛЕРДИН САНЫ ӨСҮҮДӨ

Бүгүн, 12-октябрга карата парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген талапкерлердин саны 228ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөтөн талапкерлерди каттоо 13-октябрда, ал эми документтерди кабыл алуу 18-октябрда аяктайт.

Кыргызстанда 36 округ бар. Ал эми партиялык система менен шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирген. Азырынча алардын качасы шайлоого катышуу укугуна ээ болоору белгисиз. Учурда партиялар курултай өткөрүп, тизмелерин жарыялашууда.

Количество просмотров: 239