• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 4 адам көз жумду. Нарынга жаңы мэр шайланды

22 Тогуздун айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

22-октябрга карай кыргызстандыктардын арасынан дагы 125 кишиден коронавирус аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын төртөө каза болду.

Үч күндөн бери өлкөдө бул инфекцияны жугузгандар көбөйүп, күнүмдүк статистика жүздөн ашып жатат. Сентябрдын этегинен бери инфекция жуктуруп алгандардын күнүмдүк көрсөткүчү 60-90дун тегерегинде болуп турган. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын төртүнчү толкуну ноябрь-декабрь айларына туура келиши ыктымалдыгын билдирген.

Коронавируска каршы республикалык штабдын расмий эсебине ылайык, өлкөдө коронавирус болгондор 2020-жылдын март айынан бери 180 миңден ашты. Алардын 2647си көз жумуп, 175 миңдейи айыкты.

ОКТЯБРЬ МИЛИЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

Бишкектин Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Уланбек Аалиев камакка алынды. Ал кыйноо колдонгон, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналып жатканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы 22-октябрда билдирди.

Аалиев менен кошо аталган бөлүмдүн Тергөө кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы колго түштү. Алардын баары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булар иликтеп жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жергиликтүү келинден көп суммада пара талап кылганы, көп балалуу энени милиция бөлүмүнө чакырып, басым жасаганы айтылууда.

НАРЫНГА ЖАҢЫ МЭР КЕЛДИ

Бүгүн, 22-октябрда, Нарын шаардык кеңешинин VII сессиясында Нарын шаарынын мэрин шайлоо каралды. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Нарын шаарынын мэри кызматына Арслан Сталбек уулу жана Эмилбек Чымылдаков талапкерлигин коюшуп, сессияда өз программаларын тааныштырышты.

Сессияга 31 депутат катышып, жабык добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Арслан Сталбек уулу 16, ал эми Эмилбек Чымылдаковго 14 депутат өз добуштарын беришти. Бир депутат 2 талапкерге каршы добушун берген.

Арслан Сталбек уулу 1990-жылы 2-апрелде Нарын шаарында туулган. 2008-2013-жылдары «Ала-Тоо» эл аралык университетинен билим алып, каржы жана насыя, банк иштери адистигине ээ болгон.

Количество просмотров: 119