• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 4 адам көз жумду. УКМКнын жалган кызматкери кармалды

26 Үчтүн айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 26-январга карата коронавирус 370 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Акыркы суткада 510 адам илдеттен сакайып чыкты, төрт бейтап каза болду.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 196 миң 602 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 184 миң 538 киши айыгып чыкса, 2 миң 858 адам каза болду.

УКМКНЫН ЖАЛГАН КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

Бишкекте УКМКнын кызматкеримин деген жаран дарыканадан акча талап кылган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-январда саат 15:45тер чамасында “102” кызматына Чүй жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги дарыканада эркек адам акча талап кылып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери жиберилген. Жеринде 41 жаштагы У.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол даректеги дарыканалардын биринен белгисиз жаран өзүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте иштерин айтып, белгисиз кызматтык күбөлүгүн көргөзүп, акча талап кылган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, шектүү катары 35 жаштагы Ж.А. аттуу жаранды кармап, кызматтык күбөлүгүн текшерүү учурунда жасалма экендиги аныкталган.

Шектүү Свердлов райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүлгөн.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 379-беренесинин негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

“БИШКЕК” ЭЭЧТЕ МЫЙЗАМСЫЗ ИШ АНЫКТАЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жана Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы тарабынан баалуу металлдарды камтыган кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Бажы кызматынын жана “Бишкек” эркин экономикалык чөлкөмүнүн (ЭЭЧ) кызмат адамдарынын колдоосу менен “Бишкек” ЭЭЧнүн аймагында уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири, уулу заттарды колдонуу менен техникалык жана экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп, курамында алтынды камтыган кендерден алтынды бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери мыйзамсыз аракеттерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды.

Белгиленген факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 121