• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 4 адам каза болду. Орусияда 2 жашар кыздын өлүмүнө шектелип кыргызстандык кармалды

1 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Кыргызстанда 1-февралга карата коронавирус 202 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Акыркы суткада 547 адам илдеттен сакайып чыкты, 4 кыргызстандык каза болду. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган – 7 медициналык кызматкер катталды.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 1 миң 63 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 903 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 518 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 188 миң 143 киши айыгып чыкса, 2 миң 884 адам каза болду.


КОНСТИТУЦИЯЛЫК ПАЛАТАНЫН ТӨРАГАСЫ КЫЗМАТТАН КЕТТИ
Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин жыйынында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеев өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазгандыгын айтты. Жана ал президент Садыр Жапаровдун Дүйшеевдин арызын канааттандыруу тууралуу депутаттарга жолдогон өтүнүчүн билдирди.
Алмасбек Абытов ошондой эле президенттин атынан Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированын дагы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетүү тууралуу арызына макулдук берүүнү суранды.
Карыбек Дүйшекеев бул кызматка 2019-жылы июлда дайындалган.


ОРУСИЯДА КЫРГЫЗСТАНДЫК АЯЛ КАРМАЛДЫ
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарында кыргызстандык бала багуучу караган эки жашар кыздын каза болуп калганын байланыштуу маалымат берди. Анда бул окуядан улам 1987-жылы туулган «И.Н.М.» аттуу кыргызстандык жаранга кылмыш иши козголуп, камакка алынганы айтылат.
«Укук коргоо органдарынан алынган маалыматка караганда, «И.Н.М.» бала багууда коопсуздук талаптарына жооп бербеген кызмат көрсөтүүгө жол берген, анын натыйжасында бала шектүүнүн батиринде каза болгон. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп ажазылган маалыматта.
Буга чейин орусиялык айрым басылмалар бала багуучу кыздын өлүмү тууралуу апасына дароо кабар бербей, эки күн жашырып жүрүп алганын жазышкан.

Количество просмотров: 130