• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан 8 адам көз жумду. «Кумтөрдү» улутташтыруу сунушталды

17 Бугу 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен 4 миң 39 киши ооруп жатат, 525 бейтап оор абалда.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 17-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу сегиз адамдын өмүрүн алганын кабарлады. Каза болгон бейтаптардын бешөө Бишкектен, экөө Чүй облусунан, бирөө Ысык-Көлдөн катталды.

2020-жылдын март айынан бери вирустан 1711 адам көз жумду. Оору дагы 259 адамдан аныкталды. Вирусту жуктургандар 100 миң 732 кишиге жетти.

Үй шартында азыркы тапта 2 345 бейтап дарыланууда, 1 694 адам ооруканада жатат. Алардын ичинен 94үнүн абалы өтө оор, 431и оор болууда.

КАЙРА ШАЙЛООГО КАНЧА АКЧА КЕТЕТ

Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарын кайра шайлоо үчүн 39-40 миллион сомго чукул каражат сарпталат. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов кабарлады.

«Жыйынтыгы жокко чыгарылган мурдагы шайлоого деле болжол менен ушундай суммадагы каражат кеткен. Бул ирет мындан да азырак коройбу деп турабыз. Себеби, биздин эсепке ылайык, шайлоо комиссиясынын кызматкерлери кырк күндөй эле иштейт. Ал эми мурдагы шайлоодо эки айдан ашык иштеген».

Кыргызстанда 11-апрелде өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоону уюштурууга казынадан 425 млн. сом жумшалган. Анын 27 миллиону Бишкек, 9 миллиону Ош, 2 миллиону Токмок шаарына жумшалган. Добуш берүүнүн жыйынтыгына байланыштуу нааразылыктардан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоо жокко чыгарылган.

КУМТӨРДҮ УЛУТТАШТЫРУУ СУНУШТАЛДЫ

Кумтөр алтын кениндеги ишмердикти текшерген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков «Kумтөр Голд» ишканасын улутташтырууну сунуштады. Бул тууралуу ал 17-майда парламентте Кумтөргө байланыштуу чакырылган кезексиз жыйында сүйлөп жатып айтты:

«Элди убара кылбай, элге убада кылбай улутташтырып салалы. Ошону кылалы, кылбасак «кысалы». Башка сөз жок. Биз эмне үчүн 2003 жана 2009-жылкы келишимдер тууралуу учкай кеп кылып калгандарына басым жасап жатабыз? Бул саясат да».

Рыскелди Момбеков комиссиянын мүчөсү катары кабыл алынган токтом долбоорун колдоп кол коюп бергенин, бирок өзгөчө пикирин билдиргенин кошумчалады. Мамлекеттик комиссия министрлер кабинетине Кумтөргө убактылуу тышкы башкаруу киргизүү сунушун берди.

Ошондой эле укук тартибин коргоо органдарына, Башкы прокуратурага кенге байланыштуу буга чейин жетишилген келишимдерге кол койгон, аларга катышкан мурдагы президенттерге, премьер-министрлер менен тиешелүү жетекчилерге юридикалык баа берүү сунушталды.

Комиссиянын дагы бир мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев да Кумтөр кенин улутташтырууну сунуштады.

Количество просмотров: 115