• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 9 адам көз жумду. ЖК Орхан Инанды боюнча күч түзүмдөрүнүн маалыматын угат

7 Теке 2021 14:02 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Кыргызстанда соңку бир күндүн аралыгында коронавирусту 1198 адам жуктуруп алып, тогуз бейтап ажал тапты. Ошентип ооругандардын жалпы расмий саны өлкөдө 134,5 миңге чамалады. COVID-19дан баш-аягы 2063 адам көз жумду.
Бир күндүн ичинде 10,5 миңдей ПЦР анализ алынды.
Ушул тушта ооруканаларда 4253 киши жатат жана 184 бейтаптын абалы оор. Коронавирус болгон 12 миңден көп адам үйлөрүндө дарыланып жатат.
Акыркы бир күндүн ичинде коронавирус 38 медицина кызматкеринен аныкталды жана оору жуктуруп алган дарыгерлердин жалпы саны 5682 болду.

КЫТАЙДАН ВАКЦИНА КЕЛЕТ
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова ушул аптада Кытайдан Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алынып келерин билдирди. Анын 150 миңин Бээжин жардам ирээтинде бекер берген, калганын кыргыз өкмөтү сатып алган.
“Андан сырткары азыркы тапта дагы ушунча өлчөмдөгү кошумча вакцина сатып алуу жагы каралып жатат”,-деди Бакашова.
Кыргызстан Кытайдан сырткары Орусиядан дагы вакцина алган.

ЖК ОРХАН ИНАНДЫ БОЮНЧА МААЛЫМАТ УГАТ
Жогорку Кеңеш 7-июлдагы жыйынында кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу күч органдарынын маалыматын угат.
Жыйында депутаттар Орхан Инандынын Түркияга чыгарылып кетиши коомдо кызуу талкуу жаратып жатканын айтып, түштөн кийин ал боюнча маалымат угуу үчүн укук коргоо органдарын чакырууну сунушташты. Натыйжада күн тартибинде саат 14:00дө каралмай болду.
Эскерте кетсек, “Сапат” билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү дайынсыз жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны Кыргызстандан кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. 6-июль күнү Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырды. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын ЖМКларга берген маегинде билдирди.

Количество просмотров: 116