• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан эки киши көз жумду. Жапаров спортчуларды куттуктады

6 Тогуздун айы 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын 6-октябрга карата маалымдаганы боюнча, 80 адамдын вирус жуктурганы лабораториялык жактан тастыкталды.

Ушуну менен былтыркы марттан бери өлкөдө коронавируска жалпы — 178 932 адам чалдыкты. Анын ичинен 173 712 адам сакайды.

Акыркы суткада оорудан эки киши көз жумду. Жалпы 2 612 адам коронавирустан каза тапты.

Ушул тапта ооруканада 446 адам, ал эми 676 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

ЖАПАРОВ СПОРТЧУЛАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Садыр Жапаров Айсулуу Тыныбекова менен Эрназар Акматалиевди Норвегияда өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатындагы жеңиши менен куттуктады.

Президент соцтармактагы баракчасы аркылуу куттуктоо сөзүн жазды. “Айсулуу, күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында ишенимдүү жеңишиң менен чын дилимден куттуктайм. Буга улай эле азаматыбыз Эрназар Акматалиевдин күмүш байге алышы менен да куттуктайм. Жеңишиңер жалпы кыргыз элине чоң кубаныч тартуулады. Элибиз сүйүнүп, жетине албай турган чагы”, – жеп жазат өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, ушул күндөрү Осло шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын, Эрназар Акматалиев күмүш медалдын ээси болгон.

ДЕПУТАТ БОЛУУНУ КААЛАГАНДАРДЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышууну каалаган талапкерлердин саны 108ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

108 талапкер шайлоого өз алдынча аттанса, 2 талапкерди «Альянс» партиясы көрсөткөн. Белгилей кетсек, шайлоо мыйзамына ылайык бир мандаттуу округга талапкерди партиялар да көрсөтө алат.

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 13-октябрда саат 18:00дө аяктайт. Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга шайлоо күнүнө чейин 40 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда 18-октябрь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.

Количество просмотров: 110