• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан каза болгондор катталган жок. 20 жаштагы кызды ала качкан жигит кармалды

23 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-сентябрагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан каза болгондор катталган жок.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 95 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (44 адам).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 178 036 адамга жетти, алардын 2595и каза болду.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Оорунун экинчи толкуну октябрда болгон.

Быйыл июнь айында күн сайын 2 миңдей бейтап жаңы катталып жатканда өкмөт оорунун үчүнчү толкуну башталганын жарыялаган. 24-августта үчүнчү толкун басаңдап баратканы расмий айтылды.

ЭКС-ДЕПУТАТ ЭКИ АЙГА КАМАЛДЫ

УКМК тарабынан алдамчылык фактысы боюнча кармалган “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нурматов Кубанычбек эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 22-сентябрында токтомуна ылайык, шектелүүчү К. Нурматов 2021-жылдын 20-ноябрына чейин КР УКМКнын тергөө жайында кармалат.

КЫЗ АЛА КАЧКАН ЖИГИТ КАРМАЛДЫ

Чүй облустук Ички иштер башкармалыгы үйлөнүү максатында 20 жаштагы кызды уурдап бараткан жигит кармалганын кабарлады.

Ал 23-сентябрда эртең менен «Сосновка» стационардык постунда колго түшкөн. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын адистери ыкчам маалыматтын негизинде «Ауди» автоунаасын токтотуп, кызды куткарышкан.

Баштапкы маалыматтарга караганда, 23 жаштагы жигит кызды уурдап, Токтогулга алып баратканы аныкталды. Жагдайды Сокулук райондук милициясы териштирип жатат.

Кыргызстанда кыздарды уурдагандарга жаза эки ирет күчөтүлгөн. 2013-жылы күнөлүүнү жети жылга кесүү тууралуу мыйзам күчүнө кирсе, 2019-жылы аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.

Количество просмотров: 148