• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кызматкери зордукталды деген тойкана билдирүү  таратты. Жалал-Абадда сел жүрдү

10 Баш оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ИЮНЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА ИШ СОТКО ӨТТҮ

Июнь коогасына байланыштуу кылмыш иши сотко өттү. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ишти Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук соту карайт жана алгачкы соттук угуу 15-августта, саат 15:00дө болот.

Эске салсак, апрель айында Башкы прокуратура 2010-жылдагы Июнь коогасына байланыштуу козголгон кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, экс-депутат, маркум Кадыржан Батыровдун Кыргызстандан чыгып кетишинен улам «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен козголгонун маалымдаган.

Анын негизинде мурдагы президент, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Алмазбек Атамбаевге, генералдар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Исмаил Исаковго жана саясатчы Бектур Асановго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” боюнча айып коюлган. Июнь окуясына байланыштуу 2010-жылы кызматта жүргөн жыйырмадай саясатчы суралган. Алардын арасында Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы болгон. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген.

“АЛТЫН КАЗЫНА” БИЛДИРҮҮ ТАРАТТЫ

Бишкектеги четиндеги «Алтын казына» рестораны аталган жайда официант болуп иштеген жашы жете элек кыздын зордукталышы тууралуу билдирүү таратты.

«6-августтан 7не караган түндөгү окуя кызматкерлердин жумуш убактысынан кийинки маалда болгон. Кызматкерлер жеке адамдар ижарага алган, кайтаруудагы жайга уруксатсыз киришкен. Кылмышкерлер кармалды. Алар Кылмыш-жаза кодексине ылайык жаза алышат. Биз тергөөгө ар тараптуу жардам берип жатабыз. Сиздер сыяктуу эле биз дагы адилеттүүлүк тарапта экенибизди билдиребиз», -деп жазылат билдирүүдө.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы «Алтын казынадагы» зордуктоого шек саналган 20 жаштагы бала кармалганын билдирген. Буга чейин Чүйдө 17 жаштагы кызды зордуктоого «Алтын казына» тойканасынын эки кызматкери шектелип жаткан. Алар кызды мейманкага алып барып зордукташканы айтылган.

ЖАЛАЛ-АБАДДА СЕЛ ЖҮРДҮ

Жалал-Абаддын бир катар аймактарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабаралашты. Такталган маалымат боюнча кечээ, 9-августта саат 20:30–21:00 чамасында Өрүктү айыл өкмөтүндө кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, сел суулары 4 турак үйдүн мал сарайларына кирген, 1 турак үйдүн короосундагы бассейнге кум-шагыл жана жер төлөсүнө суу толгон. Ала-Бука – Өрүктү-Сай унаа жолун жууп, каттамга тоскоолдук жаралган. Учурда жол каттамы ачык.

Жерине Ала-Бука райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жарандык коргонуу кызматы тартылып, тактоо иштери уланууда. Кырдаалга жараша бул күнү айыл аймак жана ЖТИ тарабынан техникалар тартылат. Бегилей кетсек 9-август күнү жааган жаандын кесепетинен Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун бир катар айыл аймактарында сел жүргөн.

Количество просмотров: 804