• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Өлкөгө «омикрон» штаммы келсе, чектөө киргизилбейт. Жапаровду тосуп алган окуя териштирилет

20 Бештин айы 2021 13:58 Бишкек Govori.TV

 КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанга коронавирустун «омикрон» штаммы келсе, эч кандай чектөө киргизилбейт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, учурда «омикрон» штаммы Кыргызстанга качан келерин айтуу кыйын. Ал башка өлкөлөр сыяктуу калкты экономикалык жактан колдой алышпай турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 20-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 илдетинен бир адам каза болду. Ал эми соңку бир күн ичинде вирус 23 адамдан жаңы аныкталды.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 184 218 адамга жетти. Алардын  2784ү каза болсо, 179 миң 311 киши айыгып чыккан. Азыр ооруканада 301 бейтап жатат, дагы 338 адам үйдөн дарыланууда.

ПРЕЗИДЕНТТИ ТОСУП АЛГАН ОКУЯ ТЕРИШТИРИЛЕТ

Президенттик администрация мамлекет башчы Садыр Жапаровдун Жалал-Абад облусуна сапары учурунда Барпы айылында мугалим, медицина кызматкерлери жол боюнда тизилип тосуп алган окуя боюнча комментарий берди.

«Президент Садыр Жапаров бул сыяктуу демилгелерге каршы. Жалал-Абад облусундагы окуяга байланыштуу бардык жагдайларды аныктоо үчүн анын ичинде жергиликтүү тургундарды мажбурлоо болгон-болбогону боюнча да кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровдун кортежин жолдун эки тарабына кырка тизилип тоскон жергиликтүү тургундардын видеосу тараган. Видео материалдан жашоочулар желектерди булгалап, президенттин кортежин тосуп турганын көрүүгө болот. Мындай көрүнүш кызуу талкуу жаратты.

КОРЕЯ ЖКНЫН ЖЫЙЫНДАР ЗАЛЫН ЖАБДУУГА ЖАРДАМ БЕРЕТ

Корея Эл аралык кызматташтык агенттиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине IT-инфраструктурасын модернизациялоо жана санариптештирүү үчүн гранттык негизде 8 миллион АКШ доллары өлчөмүндө техникалык көмөк көрсөтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, 17-декабрда Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Алмазбек Сабырбеков Кореядан келген IT-технология боюнча эксперттик топ менен жолугушкан. Анда Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси  Ли Жонгсу долбоор боюнча маалымат берип жатып, ал үч баскычта ишке ашаарын түшүндүрдү. Тагыраагы, Жогорку Кеңештин жыйындар залдарын техникалык жактан камсыз кылуу, орнотулган техникаларды системалаштыруу, программалоо жана IT-техникалык жабдыктарды иштетүү үчүн адистерди даярдоо.   Бул долбоор 2023-жылдан 2026-жылга чейин ишке ашырылат.

Өз кезегинде Алмазбек Сабырбеков Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ли Вон Чжэге жана KOICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ли Жонгсуга ыраазычылык билдирип, аталган долбоор парламент менен карапайым калктын ортосундагы байланышты жакшыртып, парламенттин демократиялык багытта өнүгүшүнө зор өбөлгө түзөөрүн кошумчалады.

Количество просмотров: 188