• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мамлекет “Каприздеги”  үлүшүн сатууну пландап жатат.  Жалал-Абадда акушер кармалды

3 Бирдин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ӨРТТӨ 45 ЖАШТАГЫ АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Сузакта өрттүн кесепетинен 45 жаштагы жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Винсовхоз айылындагы Дружба көчөсүндө эки кабаттуу барак тибиндеги турак үйүнүн бир бөлмөсүндө төшөнчүлөр жана үй тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1978-жылы туулган Т.З. аттуу эркек киши каза болгон.

Тилсиз жоо тиричилик электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан келип чыккан.

ДАРЫГЕР КАРМАЛДЫ
Аксы районунун жалпы дарыгердик практика борборунун акушер-дарыгери төрөт учурундагы аялдардан системалуу түрдө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Тактап айтканда, КР УКМКнын Жалал-Абад областы боюнча башкы башкармалыгына Д.С.М. аттуу жаран кайрылып, Аксы райондук жалпы дарыгердик практика борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер-гинекологу 1983-жылы туулган М.А.А. опузалап акча талап кылып жаткандыгына байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүлүшүн суранган.

«Ыкчам тергөө иш-аракеттеринин негизинде 2023-жылдын 2-феврал күнү М.А.А. өзүнүн иш бөлмөсүндө талап кылган акчаны алып жаткан учурунда кармалды. Азыркы учурда аталган факт КР УКМК Жалал-Абад областынын башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине киргизилип, КР Кылмыш-Жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

МАМЛЕКЕТ “КАПРИЗДЕГИ” ҮЛҮШҮН САТУУНУ ПЛАНДООДО

Мамлекет өзүнө тиешелүү болгон “Каприз” пансионатындагы 28 пайыз акциясын сатууну пландап жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Мирлан Бакиров парламенттин жыйынында билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мамлекет ушунча жылдан бери бир да тыйын дивидент алган жок. «Себеби анын башка акционерлери убагында банктардан кредит алып алышкан. Ошол банктын кредитин жабабыз деп пайда көрсөтпөйт. Ошондуктан мамлекеттин үлүшүн сатып алгыла деп менчиктештирүүгө киргизип жатабыз», — деди Бакиров.

Ал «Капризди» баасы бар учурда сатып жиберүү туура экендигин кошумчалап, баалангандан кийин бир эле мезгилде республикалык бюджетке каражат түшүрөбүз деди.

Количество просмотров: 121