• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Маршрутканын айдоочусу бакты сүзүп каза болду. Өкмөт антикризистик чаралар планын бекитти

24 Жалган куран 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

АНТИКРИЗИСТИК ЧАРАЛАР ПЛАНЫ БЕКИТИЛДИ

Министрлер кабинети кризиске каршы жети пункттан турган план иштеп чыкты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин 24-марттагы отурумунда белгилүү болду.

Пландын биринчи пункту катары азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, негизги товарлардын баасын турукташтыруу чаралары көрсөтүлдү.

Мындан тышкары калкты социалдык жактан колдоо, ишке орноштуруу, каржылык жана бюджеттик туруктуулукту камсыз кылуу, ишкерлерге колдоо көрсөтүү, инвестиция тартуу, товар жүгүртүү боюнча чаралар каралууда.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев бул планды ишке ашыруу үчүн бюджеттен 126 миллиард сом талап кылынарын билдирди.

Орусия-Украина кырдаалынан улам Кыргызстанда доллар кескин кымбаттап, аны менен кошо негизги азык-түлүктүн жана товарлардын баасы жогорулап кетти

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН АЙДООЧУ КАЗА БОЛДУ

Бүгүн, 24-мартта Бишкекте маршруттук унаанын айдоочусу жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерде каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, болжол менен саат 7:30 чамасында 7-апрель көчөсүндө Ахунбаев көчөсүнөн өткөндөн кийин, маршруттук унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Айдоочу унааны башкара албай жол жээгиндеги бакты сүзүп токтогон.

Азыркы учурда кырсык катталган жерде милициянын кайгуул кызматы иш алып барууда.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 23-мартка карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 9, Чүй облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 16 адам илдеттен сакайып чыкты, илдеттен каза болгондор катталган жок.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 89 бейтап, амбулатордук түрдө 63 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 847 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 129 киши айыгып чыкса, 2 миң 982 адам каза болду.

Количество просмотров: 128