• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Массалык мушташта 22 жаштагы жигит көз жумду. Үгүт иштери башталды

7 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 7-февралга карата коронавирус 83 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Акыркы суткада 380 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 819 бейтап, амбулатордук түрдө 3 миң 161 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 519 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 191 миң 89 киши айыгып чыкса, 2 миң 905 адам каза болду.

ҮГҮТ ИШТЕРИ БАШТАЛДЫ

Бүгүн, 7-февралда кайра шайлоонун үгүт иштери башталды.

Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Сверлов райондук бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 53 талапкер катталды.

Жалпы 72 кишиден арыз келип түшкөн. Алардын 58и эркек, 14ү аял. 14 талапкер катталуу тууралуу арызын кайра алды. Беш талапкердин документтери толук болбогондон улам каттоодон четтетилди. Биринчи май райондук №27 шайлоо округунан 27, Свердлов райондук №29 округдан 26 талапкер катталды.

Белгилей кетсек, аталган эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

МАССАЛЫК МУШТАШТА ЖАШ ЖИГИТ КӨЗ ЖУМДУ

Жалал-Абадда 22 жаштагы жаран мушташ учурунда алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 6-февралында түнкү саат 01:40 чамасында Базар-Коргон РИИБдин 102 номерине ооруканадан билдирүү келип түшкөн. Анда Базар-Коргон аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн дарыгери телефону аркылуу 20-25 жаштардагы бала көкүрөгүнө учтуу нерсе менен сайылып, денесинен жараат алып, каза болгон абалда алып келингендигин кабарлаган. Алдын ала териштирүү учурунда 2022-жылдын 5-февраль күнү саат 23:00 чамасында Ноокен районунун аймагындагы сайдын боюнда болжол менен 20 жаштардагы топ балдар уруша кетип, алардын арасында жүргөн Базар-Коргон районунун 22 жаштагы тургунун белгисиз адам учтуу нерсе менен көкүрөк тарабына сайып алгандыгы жана ал алган жараатынан улам ооруканага жетпей каза болгондугу аныкталган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Каза болгон баланын өздүгү аныкталып, жансыз денеге карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Милиция тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында бул окуяга шектүү катары Ноокен районунун 2005-ж.т. тургуну А.Б. кармалып, 6-февраль күнү убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери уланууда

Количество просмотров: 1010