• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Милиционерлер пара менен кармалды. Кыргызстанга башка өлкөдөн келгендер карантинге алынууда

25 Бирдин айы 2020 12:13 Бишкек Govori.TV

МИЛИЦИОНЕРЛЕР ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Бишкекте участкалык милиция кызматкерлери 7 миң сом пара алып жатып кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Министрликтен белгилешкендей, 19-февраль күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына Р.И. аттуу жаран кайрылып, Биринчи май райондук милициясынын участкалык милиция кызматкерлери майда бейбашбык боюнча сотко чейинки тергөө ишинде оң чечим чыгаруу үчүн 10 миң сом пара талап кылганын билдирген.
Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде Кылмыш кодексинин 326-беренеси (“Пара талап кылуу”) боюнча каттоого алынган.
“24-февраль күнү Бишкектин №3 балдар ооруканасынын аймагында 7 миң сом алып жаткан жеринен Биринчи май райондук милициясынын С.С. жана А.А. аттуу участкалык милиция кызматкерлери кармалды”, – деп билдиришти министрликтен.
Иликтөө иштерин ИИМдин Тергөө кызматы жүргүзүүдө.


КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛГЕНДЕР КАРАНТИНГЕ АЛЫНУУДА
Япония, Түштүк Корея, Ирандан тышкары Италия жана башка оору күч алган мамлекеттерден келген жарандар Кытайдан келгендер менен катар эле карантинге алына баштады.
Мындай чара Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жаңы талабына байланыштуу киргизилгени 24-февралда өкмөттө коронавирустун алдын алуу штабынын жыйынында маалымдалды.
Штабдын маалыматына караганда, учурда Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар жок. Медициналык мекемелерде 143 адам көзөмөлдө, ал эми 391 адамга жашаган жериндеги медициналык кызматкерлер көз салып турушат. Өлкөнүн бардык чек араларындагы өткөрмө бекеттер күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.
Штабдын жыйынында Тышкы иштер, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана башка тийиштүү мекемелердин жетекчилери аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымдашты.
Жыйында коронавирус оорусу, анын жайылуусу жөнүндө элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, Кытай менен чек аранын жабылуусунан улам өлкөдө экономикалык көрсөткүчтүн төмөндөп кетүүсүнө, дары-дармек жана азык-түлүк баалары жөнсүз көтөрүлүүсүнө жол бербөө тууралуу тапшырмалар берилди.
24-февралда коронавирус жугузуп алгандар алгачкы жолу Ооганстанда, Бахрейнде жана Кувейтте катталды.


“ӨЛБӨС ПОЛККО” ДАЯРДЫКТАР БАШТАЛДЫ
Бишкекте 9-Май – Жеңиш күнүнө карата «Өчпөс полк» акциясы өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинен билдиришти.
Шаардык кеңештен билдиришкендей, «Өчпөс полк» акциясын өткөрүү боюнча жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү жыйынга чогулуп, аны уюштуруу маселелерин, иш-чаранын программасын талкуулашкан. Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана «Өчпөс полк» акциясын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы бекитилген.
9-май күнү өтө турган «Өчпөс полк» акциясынын алкагында анын катышуучулары жүрө турган маршрут белгиленген: Катышуучулар А. Масалиев менен Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде саат 09:00дө жолугат; Чогулгандар саат 10:00дө Абдрахманов көчөсү менен Фрунзе көчөсүнө карай жол тартат; Андан кийин Фрунзе көчөсү менен Жеңиш аянтына (өчпөс от) барат; Жүрүштүн катышуучулары Жеңиш аянтына саат 12:00дө келишет. Ал жерде митинг-реквием болуп өтөт. «Өчпөс полк» жүрө турган аралык 6,6 чакырымды түзөт.
«Өчпөс полк» жыл сайын 9-Май – Жеңиш күнүнө карата өткөрүлгөн эл аралык акция. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин жана катышууларынын элесине арналып өткөрүлөт.

Количество просмотров: 306