• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Министрге кылмыш иштери козголду. Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери камалды

13 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

МИНИСТРГЕ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ
Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.
Маалыматта айтылгандай, 2021-2022-жылдары энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттары, Түркия, Өзбекстан жана Россияга болгон чет өлкөлүк кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилген.
Мындан тышкары, Доскул Бекмурзаев кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо «Б.» ЖЧКга жалпысынан 15 млн сомдон ашык зыян келтирилген. Натыйжада энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

ӨРТТӨН ЭКИ КЫЗ ЖАБЫРКАДЫ
Бишкекте үйдөн өрт чыгып, эки кыз жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май районунун Серпухов көчөсүндө жалпы аянты 120 чарчы метр жыгач устундуу тунике менен жабылган турак үйдүн мансард чатыры, гипсакартон шыбы толугу менен күйгөн.
Өрттүн кесепетинен 2009-жылы туулган Н.Т. көзүнөн жаракат алып, 2010-жылы туулган К.С. түтүндүн жытына ууланган.
Жабыркагандар тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Өрттүн себеби такталууда.

АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ 2 АЙГА КАМАЛДЫ
Бишкекте кызды зордуктоого шектелген Улуттук гвардиянын эки аскер кызматкери эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалган А.Т.Б жана У.А.У. аттуу аскер кызматкерлерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.
Биринчи май райондук соту тарабынан шектүүлөргө 11-ноябрга чейин Бишкек горнизонунун гауптвахтасында камоо боюнча баш коргоо чарасы тандалды. Алар тергөө аяктаганга чейин камакта болот.
Эске салсак, Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын эки аскери кызды зордуктоого шектелип кармалган.

Количество просмотров: 109