• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Мыйзамсыз «Айфон» алып келгендер кармалды. Өлкөгө келген РФ жарандарынын саны көп

11 Тогуздун айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАРАНДАРДЫН ДОКУМЕНТТЕРИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛҮҮДӨ  

Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу кол салуусу учурунда 450 жарандын жоголгон же жабыркаган документтери бекер калыбына келтирилди. Маалыматка ылайык, документтер Баткен облусунун жашоочуларынын расмий түрдө аймактардагы калкты тейлөө борборлоруна кайрылуусунан кийин калыбына келтирилген. Ыкчам топтор документтерди калыбына келтирүүнүн тартиби боюнча консультация беришти. Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган. 140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

МЫЙЗАМСЫЗ «АЙФОН» АЛЫП КЕЛГЕНДЕР КАРМАЛДЫ

«Түштүк-Батыш» бажысынын кызматкерлери «iphone 14 Pro» жана «iphone 14 Pro Max» маркасындагы уюлдук телефондорду мыйзамсыз ташып кирүүгө бөгөт коюшту. Маалыматта айтылгандай, текшерип кароо тобунун инспекторлору жана «Түштүк-батыш» бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте, «Достук» алдын ала бажы жол-жоболоштуруу жайында, Кыргыз Республикасынын жараны «Н.Ж.» жана Россия Федерациясынын жараны «Т.Г.Х.» коштоп жүрүүчү жүктү (кап-рюкзак) бажылык текшерип кароодо, «Айфон 14 Pro» маркасындагы 14 даана жана «Айфон 14 Pro Max» үлгүсүндөгү 10 даана уюлдук телефондору, эч кандай товар коштоочу документтери жок табылган. Кармалган товардын жалпы орточо базар баасы 3 061 770 сомду түзөт. Аталган факты КБР МЭЖ АДСга катталып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечүү үчүн Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛГЕН РОССИЯ ЖАРАНДАРЫ

Быйыл Россиядагы мобилизацияга байланыштуу Кыргызстанга келген РФ жарандарынын саны салыштырмалуу 30%га көп. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында Кыргызстанга 192 миң РФ жараны келген.

«2021-жылдын 9 айында 160 миң жаран келген. Ал эми өткөн жылдын 9 айында Россия жарандары тарабынан Кыргызстандын жарандыгын алууга 385 тапшырык берилип, 226и алса, быйылкы жылдын 9 айында 1631 жаран жарандык алууга тапшырык берип, анын ичинен 603ү алды”, — деди ал.

Количество просмотров: 170