• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Нарында жер титреди. Казакстандан келе албай жүргөн КР жарандары мекенине кайтарылды

20 Тогуздун айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ТУННЕЛДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Төө-Ашуу ашуусундагы К. Көлбаев атындагы туннелдин абалы менен таанышты.

Таанышуу учурунда министрлер кабинетинин төрагасы Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бир катар тапшырмаларды берди, анын ичинде бул ашуудан өткөн айдоочулар жана туристтер үчүн тийиштүү шарттарды жана эс алуу жайларын түзүү.

Мындан тышкары, анын туристтик потенциалын жакшыртуу максатында министрлер кабинетинин төрагасы ашуунун аймагында туристтер жана республиканын тургундары үчүн байкоочу аянтчасын курууну тапшырды.

НАРЫНДА  ЖЕР ТИТИРЕДИ

Нарын облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ, 19-октябрда саат 21:16да Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кочкор районунун Кочкор, Большевик, Кара-Суу, Кара-Тоо айылдарында — 3 балл, Терек, Ак-Жар, Арсы, Семиз-Бел, Кара-Саз, Кара-Күнгөй айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ МЕКЕНИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ

Тышкы иштер министрлиги КР Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте Казакстандын Алматы облусунун аймагында 15 жыл бою документи жок жүргөн, эки кыргыз жаранын мекенине кайтарып келүүгө жардам берди.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей,  жубайлар Казакстанга 2008-жылы акча табуу үчүн барышкан, ошондон бери аларга Кыргызстанга чыгып, документтерин өз убагында тариздөөгө мүмкүнчүлүк болгон эмес.

Башкы консулдуктун жардамы менен 2023-жылдын 18-октябрында жубайлары Кыргызстанга аман-эсен кайтып келишти.

Количество просмотров: 214