• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Окуучулар жазгы каникулга тарайт. Өрттөн бир адам каза болду

10 Жалган куран 2023 14:01 Бишкек Govori.TV

ОКУУЧУЛАР КАНИКУЛГА ТАРАЙТ
Кыргызстанда мектеп окуучулары 20-марттан 26-мартка чейин жазгы каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мектептердеги төртүнчү чейрек 27-мартта башталат.
“2022-2023-окуу жылында окуучулардын жазгы каникулу 12 күнгө созулушу керек. Бирок январь айында өлкөдө сасык тумоодон улам кышкы каникул узартылганына байланыштуу жазгы эс алуу кыскартылат”, — деп айтылат маалыматта.

ТҮРКИЯГА ЖАРДАМ
Бүгүн, 10-март саат 09:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 100 млн 559 миң 400,12 сом, 18 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

ӨРТТӨ БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ
Кара-Суу районунда өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Суу району Мөнөк айылы Б.Рыскулов көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 08:43дө Кара-Суу райондук №102 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 1 бирдик тартылган. Өрт саат 09:04дө чектөөгө алынып, 09:27де өрт толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен 61 жаштагы эркек киши каза болгон.

Количество просмотров: 2081