• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Парламентке жаңы депутат келди. Кеминде токойдон чыккан өрттүн себеби айтылды

8 Аяк оона 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

РОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 8-сентябрдагы маалыматына ылайык, соңку бир суткада өлкө боюнча инфекциядан төрт киши каза тапты.
Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2561 адамга жетти.
Соңку бир суткада вирус дагы 97 адамдан табылды.  Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери COVID-19 жуктуруп алгандардын жалпы саны 176 779 кишиге жетти.
Алардын 721и ооруканада жатат, дагы 1134 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Бир суткада 166 адам айыгып чыкты. Оорудан сакайып чыккандардын жалпы саны 170 911 киши.

ЖАҢЫ ДЕПУТАТ АНТ БЕРДИ

Жогорку Кеӊештин жыйынында «Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Ахмедов Канатбек Абдурашидович ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал Токмок шаарынын мэрлигине шайлангандыгына байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган Урмат Самаевдин ордуна келди.

Белгилей кетсек, «КР Жогорку Кеңешинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, жаӊы депутат парламентте ант берген соӊ, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын расмий түрдө аткарууга киришет.

ТОКОЙДО ӨРТ ЧЫКТЫ

Кемин районунун Кайыңды айылынын Чоң-Кемин өрөөнүндөгү Көк-Жар токоюнда чыккан өрт адамдардын шалаакы жана кайдыгер мамилесинен улам келип чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тилсиз жоо менен күрөшүп, өрттү өчүрүү үчүн ӨКМдин куткаруучулары күн-түн дебей күрөшүп жатышат.

“Жаратылыш шарты катаал бул аймакта өрт менен күрөшүү чоң эмгекти талап кылып, куткаруучулар ондогон чакырымды жөө басып өтүүдө. Кургакчылыктан улам токойлордогу жана тоо боорундагы чөптөр куурап, өрттүн келип чыгуу коркунучу өтө жогору”, – деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ жарандардан мындай шартта, өрт коопсуздугун сактап, табият кырсыктарынын келип чыгышына жол бербөөнү өтүнөт.

Дал ушундай этиятсыздыктан келип чыккан өрт кече жакында Түркия мамлекетине эбегейсиз чоң чыгым алып келип, ондогон адам каза таап, миңдеген гектар токойду жок кылды.

“Табиятты, токойлорду сактоо жана коргоо баарыбыздын милдетибиз”,- деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 888