КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Кыргызстанда 2-февралга карата коронавирус 201 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Акыркы суткада 632 адам илдеттен сакайып чыкты, беш кыргызстандык каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 996 бейтап, амбулатордук түрдө 4 миң 530 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 198 миң 719 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 188 миң 775 киши айыгып чыкса, 2 миң 889 адам каза болду.
ЖАПАРОВ КЫТАЙГА БАРАТ
Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен 3-февралдан 6-февралга чейин иш сапары менен КЭРде болот. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев билдирди.
Анын айтымында, иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Пекин шаарында өтө турган кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышып, Си Цзиньпин менен жолугушат.
Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө үстүбүздөгү жылы белгиленип жаткан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 30 жылдык дипломатиялык кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылып, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн келечеги тууралуу сөз болот.
«Талкуулана турган негизги маселелердин бири, Кытай—Кыргызстан—Өзбекстан эл аралык темир жол линиясын куруу перспективасы болмокчу.
Соода-экономикалык кызматташуунун алкагында кыргыз тарап “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттеринин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, өлкөлөр ортосундагы аба каттамдарын жандандыруу маселелерин көтөрөт. Мындан тышкары кыргыз делегациясы энергетика, тоо-кен, айыл чарба жана билим берүү тармактарында бир катар долбоорлорду улантууну ниеттенип, инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоого даяр», — деди Жээнбек Кулубаев.
ЖОГОРКУ СОТТУН ТӨРАГАЛЫГЫНА ТАЛАПКЕР СУНУШТАЛДЫ
Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун жана Конституциялык соттун төрагалыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети жактырды.
Алардын талапкерлигин бул кызматтарга мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан президент менен Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов сунуштады.
Буга чейин парламент Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырды.
Замирбек Базарбеков Садыр Жапаров 2012-жылы октябрда Кумтөргө байланыштуу нааразылык акциясында кармалып, соттолгондон тартып анын адвокаты болгон.
Ал эми Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында турган.