• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Прокурордун өлүмүнө айыпталган Калыковго өкүм чыкты. Жол кырсыгынан 2 милиционер жабыркады

28 Жетинин айы 2019 14:22 Бишкек Govori.TV

ЖККУнун БИШКЕКТЕГИ САММИТИ
Бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы башталды.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчыларын президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий сүрөткө түшүү жөрөлгөсүнөн соң, делегация башчылары ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы сессиясына бет алышты.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышат.
Президенттин аппаратынын маалыматы боюнча, аталган саммитти чагылдыруу үчүн чет өлкөлүк жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынан 265 журналист катышат.


ПАТРУЛДУК МИЛИЦИЯНЫН УНААСЫ КАТЫШКАН ЖОЛ КЫРСЫГЫ БОЛДУ
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде болгон жол кырсык тууралуу билдирүү таратты.
«Бүгүн, 28-ноябрда болжол менен саат 09:00 чамасында Чүй проспектисинде 26 жаштагы жаран унаасы менен батыш тарапка бара жатып, катуу ылдамдыкта бурула калган. Анын кесепетинен ал ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгына таандык унаасы менен кагышкан.
Жол кырсыктан аталган кызматтын эки кызматкери жабыркады. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабыркагандарды Бишкек шаардык травматология жана ортопедиялык илимий-изилдөө борборуна алып кетишти», — деп айтылды маалыматта.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, унаалар айып короосуна жеткирилди. Сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатат.


КАЛЫКОВ ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ
Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы Мелис Калыков өмүр бою эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Ош шаардык сотунан билдиришти.
Бүгүн, 27-ноябрь күнү Ош шаардык сотунда М.Калыковдун кылмыш иши каралып, сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды.
Эске салсак, 2018-жылы 18-ноябрга караган түнү Баткенде прокурор Анарбай Мамажакыповду өлтүрүп кетишкен. Анын жансыз денеси шаардын четинен табылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча сөздөн уруш чыгып кетип Мелис Калыков Анарбай Мамажакыповду мылтык менен атып жиберген. Анын сөөгүн жашыруу үчүн өрттөгөн.

Количество просмотров: 52