• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Путин Жээнбековко “Шариман Шарипович” деп кайрылды. COVID-19: 1065 адам каза болду

1 Тогуздун айы 2020 14:08 Бишкек Govori.TV

КТРКда партиялардын теледебаты учурунда электр жарыгы өчтү
Коомдук биринчи каналда Жогорку Кеңешке талапкер саясий партиялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүп жаткан теледебат учурунда электр энергиясы өчүп, түз эфир 15 мүнөткө үзгүлтүккө учураган. Электр энергиясы Батыш РЭСинде болгон авариядан улам өчүп калгандыгын РЭСтин нөөмөтчүсү В. В. Корташов тастыктаган. Өз учурунда КТРКнын жоопту кызматкерлери тарабынан, түз эфирде өзгөчө маанидеги теледебаттар өтөөрү жана бул учурда электр энергиясынын өчүшүнө жол бербөө боюнча Батыш РЭСине, нөөмөтчү В. В. Корташовго алдын ала 18:00дө эскертме жолдонгон.

1065 адам коронавирустан каза болду
Кыргызстанда 01 октябрьга карата 172 адамга кооронавирус илдети жукту. Анын ичинен 11 адам дарыгер экени аныкталган. Ушуну менен жалпы өлкө боюнча вирус жуккандардын саны 46 миң 841 адамга жетти. Алардын 42 миң 983 айыгып чыгышкан. Тилеке каршы акыркы суткада 1 бейтап каза болгон. Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын 1-октябрдагы маалыматына караганда, өлкөдө пандемия башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары расмий эсеп боюнча 1065ке жетти.


Путин Жээнбековко “Шариман Шарипович” деп кайрылды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда, Сочи шаарында Орусиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Учурда социалдык тармакта ал жолугушуудагы видео тарап, анда Влади́мир Влади́мирович Пу́тин, Жээнбековдун атын “Шариман Шарипович” деп алмаштырып айткандыгын угууга болот.

Количество просмотров: 391