• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Сүннөтөн кийин чарчап калган баланын өлүмүн иликтенүүдө. COVID-19дун жаңы учуру катталган жок

5 Чын куран 202214:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 5-апрелге карата COVID-19дун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, 4-апрелде да өлкө боюнча коронавирустук инфекциянын жаңы учуру катталган эмес.

Маалыматка ылайык, акыркы суткада 9 адам илдеттен сакайып чыгып, илдеттен каза болгон учур катталган жок. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 91 бейтап, амбулатордук түрдө 41 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 968 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 257 киши айыгып чыкса, 2 миң 991 адам каза болду.

ОКТЯБРЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТТУК ОТУРУМ УЛАНДЫ

Биринчи май райондук соту октябрь айындагы окуялар боюнча кылмыш ишин кароону бүгүн да улантууда. Сот отуруму ачык өтүп жатат.

Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээкиге караганда бүгүн өзүн жакшы сезип калганын, бирок сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарта турганын айтты. Сот жараянына президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду да алып келишкен.

Атамбаев Октябрь окуясы боюнча 4-апрелде болгон сотурумдун соңунда өзүн начар сезип, «Тез жардам» алып кеткен. Жактоочунун маалыматына ылайык, мурдагы президенттин кан басымы түшүп кеткен.

Белгилей кетсек, буга чейин Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга Атамбаевди күч менен алып келүү аракети болуп, анын аягы чыр менен аяктаган.

Эске салсак, 2020-жылы 5-6-9-октябрдагы Бишкектеги массалык башаламандыкка байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында 10-октябрда Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалган. Алардын арасында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, анын мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев менен Дамир Мусакеев да бар. Учурда кармалгандардын көбү абактан чыккан.

СҮНӨТТӨН СОҢ ЧАРЧАП КАЛГАН БАЛАНЫН ӨЛҮМҮ ИЛИКТЕНҮҮДӨ

Бишкектин Октябрь райондук милициясы сүннөткө отургузгандан кийин чарчап калган жети жаштагы баланын өлүмүн иликтеп жатат.

Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жети жаштагы бала Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталда наркоз (жалпы эмес) менен сүннөткө отургузулган.

Кийин Платтер синдрому, жарааттан кан кетүү диагнозу менен балдардын 3-ооруканасына түшүп, эсине келбей үзүлгөн. Милиция бул фактыны каттоого алып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Иликтеп-териштирүү иштери уланууда.

Количество просмотров: 195