• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Садыр Жапаров президенттен ырайым сурады. Ошто аскер кызматкери асынып алды

18 Жетинин айы 2019 14:17 Бишкек Govori.TV

САДЫР ЖАПАРОВ ПРЕЗИДЕНТТЕН ЫРАЙЫМ СУРАДЫ
Камакта отурган саясатчы Садыр Жапаров президент Сооронбай Жээнбековдон ырайым сурады. Анын ырайым сурап президентке жазган өтүнүчүнүн текстин жактоочусу Шарабидин Токтосунов жарыялады. Анын маалыматына караганда, президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия ушул жылдын октябрь айында Жапаровдун туугандарын кабыл алып, саясатчы ырайым сураса арызы караларын айтышкан. Ошонун негизинде Жапаров ырайым суроо боюнча өтүнүч арызын жазып, ал ырайым кылуу маселелери боюнча комиссияга тапшырылган.Бирок Шарабидин Токтосунов Жапаровдун арызы эмнегедир ушул убакка чейин каралбай жатканын айтты. Президентке караштуу ырайым кылуу маселелери боюнча комиссия Жапаровдун арызы тууралуу азырынча комментарий бере элек.

ОШТО АСКЕР КЫЗМАТКЕРИ ӨЗ ЖАНЫН КЫЙДЫ
Ош шаарындагы №97480 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеп жүргөн аскер кызматкери өз жанын кыйды. Анын асылып турган сөөгүн 17-ноябрда жакындары үйүнөн табышкан. «Сержанттын сөөгү бүгүн эртең менен ата-энесинин үйүндө табылыптыр. Учурда анын өлүмү боюнча Ош шаардык гарнизонунун Аскер прокуратурасы иликтөө жүргүзүп жатат. Тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө», -деп билдирди Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын басма сөз катчысы Гүлзат Жарашева. Кошумчалай кетсек, бул ай ичинде Башкы штабдын офицери жанын кыйган экинчи факты. 10-ноябрь күнү Кой-Таштагы № 73809 аскердик бөлүктө кызмат кылган офицердин асынып турган сөөгү өзү жашаган кызматтык үйүнөн табылган. 4-5-ноябрь күндөрү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №3 түзөтүү мекемесинде кызмат өтөп жаткан эки жоокер каза болгон. Расмий маалымат боюнча алардын жүрөгү кармап калган.


БИШКЕКТЕ УНАА КОЮП КЕТИП, КЫЗ КАЗА БОЛДУ
Бишкекте жөө жүргүнчү кызды унаа сүзүп кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды. Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 18-ноябрда эртең менен саат 8:00дер чамасында катталган. «Кыз жолдон өтүп бара жатканда X-Trail үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу сүзүп алган. Анын артынан келе жаткан унаанын айдоочусу токтотууга үлгүрбөй, кызды тебелеп кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерде каза болду. Учурда анын өздүгү такталууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 75