• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Шаурмага уулангандардын абалы… Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

2 Тогуздун айы 2023 14:05 Бишкек Govori.TV

ШАУРМАГА УУЛАНГАНДАРДЫН АБАЛЫ

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте шаурмага уулангандардын абалы боюнча маалымат берди.

Белгилүү болгондой, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жалпы 43 бейтап кайрылган. Анын 23ү ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар.

«20 адам медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Ар бир адам керектүү дары-дармектер менен камсыздалган»,-деп билдиришти мекемеден. Буга чейин Бишкекте 21 киши шаурмага ууланганы маалымдалган.

СУУ ӨЧӨТ

Эртең, 3-октябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Северный» суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 3-октябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельский көчөсү, Ала-Арча суусу, Жибек-Жолу проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, ЧЧК, Саадаев көчөсү менен чектешкен аймакта, ошондой эле Красный Строитель, Ак — Тилек, Көлмө, Алтын Бешик, Салам Алик конуштарында ичүүчү суу убактылуу токтотулат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

20 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Кыргызстанда дем алышта 20 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусунда 6, Чүй облусунда 4, Ош шаары 3, Жалал-Абад облусу 2, Бишкек шаары 1, Баткен облусунда 1,Ысык-Көл облусу 1, Талас облусу 1, Нарын облусунда 1 өрт кысыгы катталып, аларды өчүрүүгө 21 бөлүм тартылган.

Количество просмотров: 53