• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Синтетикалык маңзат тараткан кылмыштуу топ аныкталды. Коронавирустан 2 бейтап көз жумду

10 Бештин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

10-декабрга карата Кыргызстанда 53 адам COVID-19 вирусун жуктурганы лабораториялык жактан аныкталып, эки бейтап каза болду. Жаңы жуктургандардын көбү Бишкек шаарында. Ош шаарында, Нарын, Талас облустарында ооруну жуктуруп алгандар катталган жок.

Ушуну менен былтыр марттан бери бул ооруну жуктуруп алган 183 863 адам катталды. Алардын 2766сы каза болду.

Өлкөдө COVID-19 инфекциясына каршы алты түрдүү вакцина акысыз сайылууда. 10-декабрга карата 2 миллиондон ашуун адам эмдөөдөн өттү. Алардын 933 миңден ашууну эки дозаны, калганы бир дозаны сайдырышты.

ЖАПАРОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду.

Мамлекет башчы инсандын негизги укуктары, эркиндигин коргоонун негизги принциптери жазылган Адам укуктарынын жалпы декларациясы мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө чечүүчү ролду ойной турганын белгилеген.

«Бүгүн биз жашообузду адам укуктары менен эркиндигин коргоодогу демократиялык баалуулуктарсыз элестете албайбыз. Мындай жетишкендиктердин ишеничтүү өбөлгөсү — аларды мындан ары чыңдоо», — деп жазылган Жапаровдун кайрылуусунда.

Президент динине, жынысына, улутуна, тилине, саясий көз караштарына карабай, ар бир кыргызстандыктын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо Конституция менен кепилденгенин айткан.

Мындай укуктук мамлекетти өнүктүрүү — Кыргызстандын бардык бийлик бутактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы максаты экенин кошумчалаган. Президент «жарандардын укуктарын жана эркиндигин сактоо аркылуу гана абалды жакшы жагына өзгөртө алабыз», — деп белгилеген.

МАҢЗАТ САТКАНДАР АНЫКТАЛДЫ

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаары менен Чүй облусунда синтетикалык маңзат таратуу менен шугулданган кылмыштуу топ аныкталганын билдирди. Ага ылайык бул ишке негизинен балдар аралашкан жана алардын кураторлору чет өлкөлүк жарандар болгон.

УКМК тараткан маалыматты «балдар чет өлкөлүк кураторлордун тапшырмасы менен аз өлчөмдөгү наркотикти коомдук жайларга, парктарга катып кетип жүрүшкөн. Маңзатты сатып алган жарандар акчаны алдын ала электрондук капчык, банк аркылуу төлөгөн», деп айтылат.

Бул факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергеп-иликтөө уланып жатат. Атайын кызмат мыйзамсыз маңзат соодасына аралашкан чет өлкөлүк жарандарга байланыштуу ошол мамлекеттердин тиешелүү органдарына ыкчам-иликтөө иштерин чогуу жүргүзүү тууралуу кайрылганын билдирди.

Количество просмотров: 52