• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалды.  Жалал-Абадда үйлөрдү суу каптады

16 Жалган куран 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 16-мартка карата коронавирус 5 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 3, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1 адамдан илдет табылган.Акыркы суткада 30 адам илдеттен сакайып чыкса, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 121 бейтап, амбулатордук түрдө 140 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 763 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 195 миң 946 киши айыгып чыкса, 2 миң 975 адам каза болду.

ЖАЛАЛ-АБАДДА 74 ҮЙДҮ СУУ КАПТАДЫ

Жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абадда 74 турак үйдүн короо жайын суу каптады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-март күнү саат 11:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам кокту-колоттон чогулган суулар Жаңы-Базар, Курулуш, Кара-Ой айылдарындагы 74 турак үйдүн короолорун каптап, анын ичинен 1 турак үйгө суу кирип, 11 турак үйдү суу каптоо коркунучу жаралган.

Аталган жайга Чаткал райондук №81 ӨКБдан 5 куткаруучу жана жарандык коргонуу кызматтарынан 74 адам тартылып, суулардын нугу бурулуп, мотопомпанын жардамы менен короого толгон суулар сордурулган.

Бүгүн суулардын нугун буруу иштери уланууда.

СООДА-ӨНӨР ЖАЙ ПАЛАТАСЫНЫН ВИЦЕ-ПРЕЗИДЕНТИ КАРМАЛДЫ

Башкы прокуратура Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлады.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы берген маалыматка ылайык, ал мамлекетке көп суммада зыян келтирген деп шек саналууда.

Тергөөдө 2009-жылы Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти жана анын өнөктөшү (Д.Н.Э.) Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен түзүлгөн келишимдин негизинде кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюп, 117 млн. сомго ун сатып алышканы аныкталган.

Алар келишимдеги милдеттерин аткаруудан качып, 12 жыл бою сот органдарына негизсиз арыздар менен кайрылып жүргөнү, жыйынтыгында, мамлекетке 117 млн. сом зыян келтирилгени айтылды.

Мындан тышкары, шектүүлөргө С.А. аттуу адамдын ишенимине кирип, ага күрөөгө коюлган кыймылсыз мүлктү 15 млн. 705 миң сомго сатып, ири өлчөмдө материалдык зыян келтирген деген да айып коюлду.

Количество просмотров: 297