• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Өспүрүм жөө өтмөктөн 2 адамды сүзүп кеткен. Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде 1-орунга жайгашты

22 Аяк оона 2023 13:58 Бишкек Govori.TV

ӨСПҮРҮМ ЭКИ АДАМДЫ СҮЗҮП КЕТКЕН

Бишкекте 17 жаштагы өспүрүм жөө өтмөктөн өтүп бараткан эки адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Кырсык Лермонтов жана Салиев көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан мектептин жанында болгон. Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу эркек киши менен кичинекей баланы койдуруп кеткен.

Натыйжада 8 жаштагы бала ооруканага кайрылган. Издөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө окуяга шектүү делип Ысык-Ата районунун тургуну 2006-жылы туулган жаран кармалып, Тергөө кызматына өткөрүп берилген.

Учурда экпертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

НАРЫНДА КАР ЖААДЫ

Нарын облусунун аймагында аба ырайы бузулуп, ашууларга кар жаап жатат. Маалыматка ылайык, учурда Долон ашуусунда кум-шагыл себүү жумуштары жана 1 авто грейдер, 1 даана самосвал, 1 даана ХОВО кар тазалагыч менен тазалоо иштери жүрүүдө.

«Ошондой эле башка ашуулардагы абал жана Соң-Көл, Ак-Сай, Арпа сыяктуу алыскы жайлоолордогу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жиберилип,малчылардын абалын тактоо иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

 ТЫНЫБЕКОВА ДҮЙНӨ РЕЙТИНГИНДЕ БИРИНЧИ ОРУНГА ЧЫКТЫ

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Бириккен күрөш дүйнөсүнүн рейтингинде биринчи орунга жайгашты.

Күн мурун Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде алтын медаль тагынып, Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды.

Ошондой эле Тыныбекова 2024-жылдын жайында Парижде өтчү Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.

Количество просмотров: 94