• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Султанов элчи болду. Бир жыл мурда жоголгон унаа Оштон табылды

30 Жетинин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

“КУМТӨР” КОМИССИЯСЫ

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын төрагалыгынан ден соолугуна байланыштуу баш тартты. Бул тууралуу төрага Нурланбек Шакиев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирди.

Парламенттин 28-сентябрдагы отурумунда «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы алтындын сатылышын, жалпы өндүрүштүн көлөмүн иликтөө жана Кыргызстандын менчигине өткөндөн берки ишмердүүлүгүн текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлгөн.

СУЛТАНОВ ЭЛЧИ БОЛДУ

Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын Туруктуу өкүлү Султанов Омар Абдыразакович Кыргыз Республикасынын Швейцария конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

ЖОГОЛГОН УНАА ТАБЫЛДЫ

Бир жыл мурда жоголгон Бишкек шаарынын жашоочусунун Lexus LS 460 унаасы Оштон табылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, унаа «Автоураган» программалык-аппараттык комплексинин жардамы менен табылган.

2021-жылы сентябрда бишкектик жаран арыз менен кайрылып, ушул жылы августта белгисиз жаран ишенимге кирип, анын унаасын алып, андан кийин из жашырып кеткенин билдирген. Аталган факты боюнча «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган айдоочу андан ары иликтөө жүргүзүү үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми унаа айып короосуна токтотулду.

Количество просмотров: 465