• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Төө-Ашууда кар жаап жатат. Адам өлтүрүүгө шектелип 2 адам кармалды

27 Тогуздун айы 2023 13:57 Бишкек Govori.TV

АЙДООЧУЛАРГА ЭСКЕРТҮҮ

Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусунда кар жаап жатат. Бул туурадуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Жол тескөө кызматкерлери Бишкек — Ош унаа жолуна сапарга чыккан айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана карама каршы тилкеге чыкпоого чакырат.

Ошондой эле ЖКККБ айдоочуларга унаалардын ортосундагы аралыкты сакталышынын зарылдыгын эскертет.

АДАМ ӨЛТҮРГӨН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Сузак милициясы адам өлтүрүү фактысынын бетин ачты. Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак РИИБге 40 жаштагы аял арыз менен кайрылып, 2023-жылдын 17-октябрь күнү Сузак району аркылуу өткөн Бишкек-Ош автожолунун боюнда 32 жаштагы бир тууган инисинин жансыз денеси табылганын билдирген.

Бул окуя Сузак РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

Сузак РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында кылмыш ишине шектүү катары Ноокен районунун тургуну 1994-ж.т. К.И. жана Баткен районунун тургуну 1988-ж.т. А.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

ЭКИ СПОРТЧУГА БАТИР БЕРИЛДИ

26-июнда Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда шаардын 146 жылдыгына карата майрамдык салтанат өттү.

Аземде сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы шаар калкын майрамы менен куттуктап, андан соң жаш боксчулар арасында Азиянын эки жолку чемпиону болгон Нурадин Рустамбек уулу менен грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында коло медаль алган Амантур Исмаиловго батирдин ачкычтарын тапшырды.

Мамлекет башчысы мындай белектер буга чейин биринчи орунду алгандарга берилип келгенин айтып, бул жолку үчүнчү орунга да батир берүү жаштарды спортко үндөө максатында жасалып жатканын белгиледи.

Количество просмотров: 768