• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Тигүү цехтери текшерилүүдө. Жапаров 86 билим берүү мекемеси курулуп бүтөрүн айтты

8 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКЕМЕЛЕРИ ИШКЕ БЕРИЛЕТ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын Жал-29 кичи районундагы бала бакчанын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Акылбек Жапаров балдарды жана ата-энелерди кубанычтуу окуя менен куттуктап, аталган бала бакча Мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасынын алкагында курулгандыгын белгиледи.

«Биз президенттин тапшырмасын аткардык. Белгилүү болгондой, борбордо мектеп жана бала бакчалардын жетишсиздиги маселесин чечүү максатында 15 мектептин жана 1 бала бакчанын курулушу башталган. Бүгүн биз жаңы бала бакчаны ачып жатабыз. Быйылкы жылы 86 билим берүү объектисинин курулушу жыйынтыкталат», — деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы кошумчалагандай, бала бакчадагы тарбиячылардын айлык акысы эки эсеге жогорулатылып, 25 миң сомду түзөт. Ал эми кенже жана техникалык кызматкерлердин айлыгы үч эсеге жогорулатылды

Маалымдама: Бала бакча 140 орунга ылайыкталган. Имараттын жалпы аянты 1484 м2. Долбоордун сметалык наркы 88 499,0 миң сомду түзөт.

ЧЕК АРА БЕКЕТТЕРИ ЖАБЫК БОЛОТ

Бүгүн Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун техникалык базасын жаңылоого байланыштуу саат 11.00дөн 14.00гө чейин жана 17.00дөн 20.00гө чейин Талас облусундагы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы “Чалдыбар-автодорожный” өткөрүү пунктунда жарандардын өтүүсү жана унаалар убактылуу токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан кабарланды.

Эртең, 9-сентябрда саат 19.00дөн 21.00гө чейин «Чоң-Капка-автодорожный» посту аркылуу жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилет.

Кыргыз-казак чек арасындагы калган өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.

ТИГҮҮ ЦЕХТЕР ТЕКШЕРИЛЕТ

Бишкекте тигүү цехтери текшерилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Биринчи май райондук акимчилигинин, көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө инспекциясынын, салык кызматынын, МАБдын жана «Тазалык» ишканасынын кызматкерлеринен турган комиссия Ош жана Абдрахманов көчөлөрүн бойлой тигүү цехтерин кыдырды.

Текшерүүнүн максаты – кийим-кече жана башка калдыктарды чыгаруу боюнча келишим түзүлбөгөн тигүү цехтерин аныктоо болуп саналат. Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар табылган жок.

Рейддик иш-чаралар уланат.

Количество просмотров: 392