• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: УКМК депутат Жамгырчиедин дайыны белгисиз экенин айтты. Жээнбековду жоопко тартуу сунушталды

1 Бештин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

УКМК ДЕПУТАТТЫН ДАЙЫНЫ БЕЛГИСИЗ ЭКЕНИН АЙТТЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан аудио, видео жаздыруучу аппараттар табылганы тууралуу «Альянс» фракциясынын жетекчиси Жанар Акаевдин сөзүнөн кийин текшерүү жүргүзгөн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады. «Жанар Акаевде Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана автоунаасынан качан аудио-видео жазуу жабдыктары табылганы тууралуу маалыматы жок экени аныкталды. Мындан тышкары, ал жеке өзү сөз болуп жаткан техниканы көргөн эмес. Жабдуулар тууралуу ал депутат Эмил Жамгырчиевдин жардамчысы — Э. Кадыровдон укканын айткан. Ал эми жардамчысы бул маалыматты телефон аркылуу Эмил Жамгырчиевден алганы аныкталды», — деп жазылган маалыматта. УКМК ушул тапта депутат Эмил Жамгырчиевдин жүргөн жери белгисиз экенин билдирүүдө.

Коопсуздук кызматы аудио-видео жаздыруучу жабдуулардын табылышы, аны ким орнотконун аныктоо, депутат Эмил Жамгырчиевдин укугун коргоо үчүн текшерүү жүргүзүүгө даяр экенин кошумчалады. Жогорку Кеңештин депутаттары Чыңгыз Айдарбеков менен Эмил Жамгырчиев 27-ноябрда Казакстанга өтүп баратканда чек арадан УКМК кармап, кайра коё берген. Жамгырчиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынгандыктан чек арадан өтө албай калып, Айдарбеков коңшу өлкөгө чыгып кеткен.

ТОКТОРБАЕВ ЖЭЭНБЕКОВДУ ЖООПКО ТАРТУУНУ АЙТТЫ

Жогорку Кеңештин 1-декабрдагы жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев прокуратурага сурак бергенин билдирди. Ал «элден келген арызды айткандан кийин көзөмөл органы суракка чакырганына» нааразы болду. Токторбаев парламент төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, бул маселени карап коюуну сунуштады.

«Башкы прокурорубуздун Жээнбековдор менен кандай байланышы бар, билбейм. Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровду айткандан кийин ушундай «сыр-бор» башталды. Сооронбай Жээнбековду да камаш керек. Ал Атамбаев менен табакташ болуп жүргөндө жакшылыгын көрүп, эми жамандыгы болгондо бөлөк турушу керекпи? Камап, жамандыгын да чогуу көрүш керек», — деди Токторбаев. 30-ноябрдагы жыйында Токторбаев мурдагы парламент төрагасы Асылбек Жээнбеков менен экс-депутат Төрөбай Зулпукаровго козголгон кылмыш иши аягына чыкпай жатканы тууралуу маселе көтөргөн.

Ушул эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов жана Жеңишбек Токторбаев Башкы прокуратурага күбө катары сурак берип чыгышканын Фейсбукка жазышкан.

ШАШЫЛЫШ БИЛДИРҮҮ

1-декабрдан 2-декабрга чейин жаап жаткан жаан-чачынга байланыштуу Бишкек – Ош жолунда кар көчкү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында жана Чычкан капчыгайында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. «Алыскы жолго чыгууда унааны техникалык кароодон өткөрүп, дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырып, күрөк, чынжырча, медициналык куту, дары-дармек, тез бузулуп кетпөөчү азыктарды ала жүрүңүз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 1943