• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: УКМК кызматкерине пара берген дарыгер кармалды. Москвадан Ошко жаңы авиакаттам ачылды

29 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ПАРА БЕРҮҮГӨ ШЕКТЕЛИП ДАРЫГЕР КАРМАЛДЫ

2022-жылдын 28-июлунда КР УКМК кызматкерине 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын пара катары берүүгө аракет кылып жаткан жеринен Кочкор-Ата шаардык жалпы медициналык практика борборунун үй-бүлөлүк дарыгери Т.Г.Х. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, кармалган адам Бишкектеги Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университетинин жогорку билими тууралуу жасалма дипломду пайдаланып, ага акт түзүп өз ыктыяры менен берүүсү аныкталган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен кутулуу амалында текшерүүнү токтотуу жана фактыны жашыруу үчүн КР УКМК кызматкерине пара сунуштаган.

Кармалган жаран мурда Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Үч-Коргон айылындагы аймактык оорукананын филиалында хирург болуп иштеген. Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 1-бөлүгүндө (Пара берүү) каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине сотко чейинки өндүрүш ишине катталган.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ТАНДОО

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлер (ошондой эле бардык каалоочулар) сынамык тесттен өтө ала тургандыгын маалымдайт.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, талапкер жалпы билим берүү уюмунун жетекчиси болуп дайындалуу үчүн босого балл 60тан өтүшү керек.

Белгилей кетсек, 12-июлда президент Садыр Жапаров мектеп жетекчилерин сынактык негизде беш жылдан ашык эмес мөөнөткө тандоо боюнча жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, 966 мектепте сынак жүргөнү турат. Кыргызстан боюнча 2 миң 333 мектеп бар.

МОСКВА-ОШ-МОСКВА АБА КАТТАМЫ АЧЫЛДЫ
Москва-Ош-Москва багыты боюнча жаңы чартердик авиакаттам ачылды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропорту» ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Россиялык «Ямал» авиакомпаниясы каттамды жумасына бир жолу — жекшемби күндөрү — аткара баштайт.

Учуу убактысы — 5 саат.

Количество просмотров: 204