• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: УКМК университетте жемкорлук аныкталганын билдирди. 11-июль дем алыш күнү болду

7 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

11-ИЮЛЬ ЭС АЛУУ КҮНҮ

Кыргызстанда дүйшөмбү, 11-июль дем алыш күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Мусулмандардын Курман айт майрамы 9-июлга (ишемби) туура келген үчүн – Эмгек кодексине ылайык андан кийинки жумуш күнү дем алыш күн болуп калат.

Ошентип, 11 — июль-дүйшөмбү-дем алыш күн болот.

 БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН УНААЛАРЫ ТЕКШЕРИЛЕТ

Бишкек шаарынын дээрлик баардык мектептеринде 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн орто мектепти бүткөндүгү боюнча аттестат алуу аземи өтүүдө.  Милициянын кайгуул кызматы ата-энелерди мектепти бүтүрүп жаткан балдарын көзөмөлдөөгө чакырат.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, учурда милиция кызматкерлери ар бир орто мектептерде коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, ошондой эле өспүрүмдөр катышкан кылмыштарга, укук бузууларга, ичкилик, баңгилик өңдүү ар кандай терс көрүнүштөргө жол бербөө боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

«Мындан сырткары, бүтүрүүчүлөр иш-чара бүткөндөн кийин ата-энелеринин жана чоң адамдардын коштоосу жок өз алдынча топтошуп, тоого же эс алуучу жайларга чыгып кетпеши үчүн түштөн кийин шаардан чыгуучу чоң көчөлөрдө атайын блок посттор орнотулуп, өспүрүмдөр менен бара жаткан баардык унаалар текшерилет»,-деп айтылат маалыматта.

ЖОЖГО КАБЫЛ АЛУУДА МЫЙЗАМСЫЗ ИШ АНЫКТАЛДЫ

Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдары менен алдыңкы мамлекеттик университеттердин биринин абитуриенттерди кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрү жемкорлукка шектелип жатышканын 7-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, ишти президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкерлик кеңештин өкүлдөрү катышкан мекеме аралык комиссия изилдеп чыкты. Натыйжада чет өлкөлүктөр үчүн деп бөлүнгөн мамлекеттик гранттык 50 орунга абитуриенттер мыйзам бузуу менен кабыл алынганы аныкталганы, ал орундарга кыргыз жарандарын кабыл алып коюшканы айтылды.

Мекеменин маалыматына караганда, гранттык орундарга ачык сынак жарыяланган эмес жана өттү деп эсептелген студенттердин жалпы республикалык тестирлөөдөгү баллдары төмөн болгон.

Азыркы тапта, УКМК билдиргендей, сотко чейинки териштирүү жүрүп, шектүүлөрдү аныктоо иши уланууда. Мекеме иш кайсы берененин негизинде козголгону, кеп кайсы окуу жайы жана окуя качан болгону тууралуу так маалымат берген жок.

Количество просмотров: 231