• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Унаада өрт чыгып, бир адам күйүк алды. Мектептер бомба тууралуу маалыматтан улам эвакуацияланды

20 Чын куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

УНААДАН ӨРТ ЧЫКТЫ

Бишкекте унаадан өрт чыгып, бир адам колунан күйүк алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын 7-Апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде “Субару Форестер” үлгүсүндөгү унаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 23 жаштагы жаран сол колунун чыканагына чейин күйүк алып, тез жардам кызматы күйүк борборуна алып кеткен.

Белгилей кетсек, сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталды.

ОКУУЧУЛАР ЭВАКУАЦИЯЛАНДЫ

Бишкекте бүгүн, 20-апрелде бир катар мектептердин окуучулары эртең менен эвакуацияланууда. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Учурда №33 жана 67-мектептерди эвакуациялоо иштери жүрүп жаткан. Мектеп кызматкерлеринин айтымында, буга кайрадан иамаратка коюлган жардыруучу зат тууралуу билдирүү себеп болгон.

Мындан тышкары №17, 51, 52, 62, 63 мектептер да эвакуация болгонун жазышты.

Эске салсак, 18-апрелде Бишкектин бир катар мектептери, жогорку окуу жайлардын айрым мекемелери жана КР Жогорку сотунун имаратында бомбар бар деген билдирүү түшүп, текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында жарылуучу зат табылган эмес.

ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

Бишкекте прокуратура кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды, деп билдирет Башкы прокуратуранын маалымат кызматы.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-апрелде саат 18:40 чамасында Башкы прокуратурасы тарабынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин ыкчам коштоосунда Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокурорунун улук жардамчысы Б.А. арыз ээсине карата кылмыш иштери боюнча маселелерди оң чечкендиги үчүн 450 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Количество просмотров: 71