• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Вирус дагы 227 кишиден табылды. Жол кырсыгынан 4 адам каза болду

13 Чын куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Акыркы бир сутка ичинде Кыргызстанда COVID-19 илдетинен дагы төрт киши каза болду.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдиргендей, алардын үчөө Бишкекте, бирөө Чүй облусундагы ооруканада жаткан.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери андан каза болгондор 1532ге жетти.

12-апрелге карата республика боюнча вирус дагы 227 кишиден табылып, сентябрдан берки эң көп көрсөткүч болду.

Пандемияда илдетти жугузуп алгандар 90 599, айыккандар 86 152 кишини түздү. Бир күн аралыгында 124 бейтап айыкты.

АЙЗАДАНЫН ӨЛҮМҮ ИЛИКТЕНБЕЙ ЖАТАБЫ?

Уурдалып өлтүрүлгөн 27 жаштагы Айзада Канатбекованын адвокаты Нурбек Токтакунов милиция шалаакылыгын улантып жатат деп билдирди. Ал Facebook баракчасы аркылуу кайрылып, өткөн жума күндөн бери Айзаданын өлүмү боюнча иштеп жаткан милиция кызматкерлери менен байланыша албай жатканын айтты:

«Сөөк табылгандан бери беш күн өттү. Тергөөчү ушул күнгө чейин Айзаданын апасын жабырлануучу катары каттабаптыр жана иш боюнча сураган да эмес. Бул окуя боюнча шектүүлөр кармалып, экспертизалар дайындалып жаткан соң, жабырлануучу тарап иликтөөгө катышууга укуктуу. Бул аракети менен милиция бизде шек жарата баштады. Милиция окуя болгон жерге эмес, Айзаданын апасынын айылына барып, коңшуларынан кыздын жүрүм-туруму тууралуу сурап жүрүшөт. Туугандарын чакырып алып, милициянын шалаакылыгы тууралуу ооз ачпоого үндөп жатышат. Иш боюнча алар эмне менен алек болуп жатышканы белгисиз», — дейт ал.

Адвокат Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) тергөөчүлөрү менен чогуу эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлерине кайрылып, бул ишти аягына чыгаруу үчүн толук кандуу кызматташууга чакырган.

Айзада Канатбекованын өлүмү Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси («Адамды никеге туруу максатында уурдоо») менен катталып, иликтөө жүрүүдө. Ишти Бишкек ШИИБи тергөөдө. Ал эми Бишкек шаардык прокуратурасы кыздын өлүмүнө байланыштуу милиция кызматкерлеринин аракетин иликтөө максатында «Шалаакылык» беренеси менен кылмыш иши козгогон. Тергөө ишин жүргүзүү УКМКга тапшырылган.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 4 АДАМ КӨЗ ЖУМДУ

Ысык-Көл облусунун Түп районунда катталган үрөй учурган жол кырсыгынан дагы бир бала көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык кечээ, 12-апрель күнү, саат 23:14тө Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунун 204-чакырымында болгон. Анда Toyota Camry жана Audi C4 сүзүшкөн.

Алгач 19-20 жаштагы үч эркек бала көз жумуп, дагы үч бала Түп райондук ооруканасына тез жардам аркылуу жеткирилгени кабарланган.

“Ооруканада жаткан 20 жаштагы Ж.Т. дагы каза болду”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 278