ЖАПАРОВ НЬЮ-ЙОРККО КЕТТИ
Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн Нью-Йорк шаарына (АКШ) келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөп, БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушат, ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
ЧЕК АРАДА ЖАБЫРКАГАНДАР
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыркагандардын саны 183 кишиге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, алардын 21и амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Стационарда 162 бейтап жатат. Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарына которулган (103 жабырлануучу). Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.
Чек ара кагылышуусунан 59 кыргызстандык мерт кетти.
БАТКЕНГЕ ГУМЖАРДАМ ЖӨНӨТҮЛДҮ
Бүгүн, 20-сентябрь саат 08:00гө карата маалымат боюнча, Баткенге жалпы 775 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 131 тонна КР ӨКМ тарабынан, 478 тонна жардам жарандар тарабынан өз күчү менен жеткирилген. Учурда кампада 165 тонна гуманитардык жардам турат. Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 51 оор жүк ташуучу унааларга жүктөлүп Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.
Республиканын бардык облус жана шаарларында гуманитардык жардамдарды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулуп, иштер жүрүп жатат:
Белгилей кетсек, тажикстандын куралдуу кол салуусунан Батккен облусу боюнча 136 миң 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 3 миң 427 жаран убактылуу кабыл алуу жайларга жайгашкан.
Мындан тышкары, Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын айылдарынан 5 миң 301 жаран эвакуацияланган. Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1 миң 890 орун даярдалып, 512 жаран жайгашкан.