• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жапаров менен Эрдоган жолукту. Айыл өкмөтү жер тилкелерди мыйзамсыз түрдө ижарага берген

16 Жалган куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МЕНЕН ЭРДОГАН ЖОЛУКТУ

Президент Садыр Жапаров Анкара шаарында Түркия лидери Режеп Тайип Эрдоган менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Өлкө лидерлери кыргыз-түрк эки тараптуу жана көп тараптуу кеңири кызматташуу боюнча сүйлөшүп, саясий, соода-экономикалык жана башка тармактарда байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл бурууну белгилешкен.

Эрдоган Жапаровду жылуу кабыл алып, ушул жылдын февралында Түркияда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга көрсөткөн жардамы үчүн Кыргызстанга ыраазычылык билдирген. Бишкектен барган куткаруучулар тобунун жогорку кесипкөйлүгүн белгилеген.

Жапаров Түркияда жакында болгон жер титирөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн адамдардын курман болгондугуна байланыштуу дагы бир жолу көңүл айтты. Эске салсак, Жапаров Түркияга Түрк мамлекеттеринин уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн президенттеринин саммитине катышуу үчүн барды.

ЖЕР ТИЛКЕЛЕР МЫЙЗАМСЫЗ ИЖАРАГА БЕРИЛГЕН

Кызыл-Кыштак айыл өкмөтү жер тилкелерди мыйзамсыз түрдө ижарага берген. Мамлекетке келтирилген зыян 21,7 млн сом. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары 2020-2023-жылдары кызматтык абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, муниципалдык менчикте турган жерлерди Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын бузуу менен ижара акыларын олуттуу өлчөмдө төмөндөтүшүп, коммерциялык пайдаланууга ижарага беришкендиги аныкталган.

“Натыйжада, мамлекетке жалпы 21 млн. 770 миң сомдук зыян келтирилген”,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Ош облусунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

МЕКТЕПТЕ КОҢГУРООНУН ОРДУНА КҮҮ КОЮЛАТ

Бишкек мэриясы шаардагы сегиз орто мектепте салттуу коңгуроонун үнүн күүлөргө алмаштырууну чечти. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, долбоордун максаты – окуучуларды патриоттуулукка тарбиялоо, мекенди сүйүүгө үндөө.

Долбоор президенттин “Тарыхый-маданий мурас объектилерин сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө” жарлыгынын алкагында иштелип чыкты.

Количество просмотров: 60