• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров Москвага кетти.  “Кадастрдын” жетекчиси кармалды

26 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ МОСКВАГА КЕТТИ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Москвада жумушчу сапары менен жүрөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы «Сбербанк России» ачык акционердик коомунун иши менен таанышып, Сколководогу Киберкоопсуздук борборуна жана Дата-борборго барып, ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт. Кошумчалангандай, кыргыз делегациясынын жумушчу сапары «Сбербанк России» ачык акционердик коому башкармалыгынын Президенти, Төрагасы Герман Грефтин чакыруусу менен уюштурулган.

“КАДАСТРДЫН” ЖЕТЕКЧИСИ КАРМАЛДЫ

Кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 25-июлда Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору кармалган. Аталган мамлекеттик органдын жетекчилиги тарабынан кол алдындагы кызматкерлерден акча талап кылуу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөнү аныкталды. Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө текшерүү органдарына өткөрүп берүү шылтоосу менен «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысынан дагы 3-6 миң сом мыйзамсыз кармап калуу фактысы документтештирилген.

Алынган далилдердин негизинде «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин директору «С.Э.К.» КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, КР УКМКнын Тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

КӨЛДҮ БУЛГАП ЖАТКАН КАСАПКАНА АНЫКТАЛДЫ

Жети-Өгүз районунда туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери сууну булгап жаткан мал союучу жайды аныкташты. Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, 25-июль күнү рейддин жүрүшүндө туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан Жети-Өгүз районунун Саруу айыл аймагында жайгашкан Ысык-Көл айылында жакында ачылган мал союучу жай аныкталган.

Милиция кызматкерлери жайды текшерүү учурунда калдыктардын бир бөлүгү – союлган малдын каны-жини түтүкчө аркылуу агын сууга агып, ал болсо Ысык-Көлгө кошуларын аныкташкан.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, мал союучу жайга тергөө-ыкчам тобу алгачкы териштирүү иштерин жүргүзүүгө барган. Касапкананын ээси 32 жаштагы С.Ж.нын айтымында, аталган жай болгону эки ай мурун ачылган. Негизинен өзүнүн малын союп, этин сатуу менен алектенет. Ал малдын кан-жини жана калдыктары үчүн атайын чуңкур жасалган, бирок калдыктардын бир аз бөлүгү касапкананын аймагына төгүлөрүн, жакында суу көтөрүлгөндөн улам малдын кан-жини сууга агып кеткендигин билдирген..Учурда Жети-Өгүз РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кийинки юридикалык баа берүү менен текшерүү иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 635