• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров Рахмонго көңүл айтты. Көк бөрү федерациясына жаңы президент дайындалды

17 Бирдин айы 2023 13:57 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ РАХМОНГО КӨҢҮЛ АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жаратылыш кырсыгынын кесепетинен адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«2023-жылдын 15-февралында Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда кар көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат жолдонгон көңүл айтууда.

ҮЙ ӨРТТӨНҮ БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ

Ысык-Көл районунун Ананьева айылында турак үй өрттөнүп, үй ээси каза болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Ананьева айылындагы Табалдиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн ичиндеги үй эмеректери күйгөн, куткаруучулар үйдүн ичинен 1958-жылы туулган үй ээси Г.В.В.нын (эркек киши) сөөгүн табышып, Ички иштер министрлигинин кызматкерелерине өткөрүп беришкен. Өрттүн себеби такталууда.

Эскерте кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 9 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 9 бөлүм тартылган.

КӨК БӨРҮ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН БАШЧЫСЫ АЛМАШТЫ

Көк бөрү федерациясынын президенти болуп, Акылбек Түмөнбаев шайланды.

Маалым болгондой, 16-февралда аймактардан келген делегаттар курултай өткөрдү. Анда Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиевге нааразычылыктар айтылды.

Жыйынга келген улакчылардын айтымында, буга чейинки өткөрүлгөн көк бөрү оюндарынын байгеси бүгүнкү күнгө чейин бериле элек.

Жыйындын соңунда Бегалиевдин ордуна депутат Акылбек Түмөнбаев шайланган.

Белгилей кетсек, Талас Бегалиев Көк бөрү федерациясынын жетекчилигине бир жыл мурда келген. Жобого ылайык, президент төрт жылдык мөөнөткө шайланат.

Количество просмотров: 600