• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров суракка чакыртылды. Пара менен ИИМ кызматкери кармалды

27 Чын куран 2022 14:08 Бишкек Govori.TV

САДЫР ЖАПАРОВ СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Башкы прокуратурага суракка чакыртылды. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Мааалыматка ылайык, президент 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча иш боюнча күбө катары сурак берет.

Кошумчалай кетсек, Жапаров 2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору болуп турган.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев да жогоруда айтылган иш боюнча сурак берген.

ЖК КУЛУБАЕВДИН ТАЛАПКЕРЛИГИН КОЛДОДУ

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин тышкы иштер министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Кулубаевдин талапкерлигин депутаттарга президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов тааныштырды.

Кулубаевдин талапкерлигин депутаттар бир добуштан колдоду.

Эскерте кетсек, кечээ тармактык комитет тышкы иштер министри кызматына дайындоого макулдук берүү үчүн Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алган.

ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛИП ИИМ КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

200 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылып алып жаткан жеринен ИИМдин Тергөө кызматынын ага тергөөчүсү милициянын майору Ш.С.К. кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук  мамлекеттик комитетинен билдирди.

Маалыматка караганда, кармалган тергөөчү Ю.А.Х. аттуу ортомчу жаран аркылуу тергелип жаткан кылмыш иши боюнча куугунтуктоону токтотуу үчүн Э.у.У. аттуу жарандан 4 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын талап кылганы аныкталган.

Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайын киргизилди.

Количество просмотров: 73