• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Жапаров сыйлык тапшыруу боюнча сындарга жооп берди. Жаш келинге 17 жолу бычак сайылган

2 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ СЫЙЛЫКТАР ТУУРАЛУУ СЫНГА ЖООП БЕРДИ

Президент Садыр Жапаров 2-сентябрда мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземинде сүйлөгөн сөзүндө өзү оппозицияда жүргөндө социалдык тармактарда наам, орден-медалдардын берилишин сындаган билдирүүсү тууралуу түшүндүрмө берди. Анда ошол маалда сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей, тааныш-билиштер гана алганын айтып, азыр андай көрүнүш жоюлду деп билдирди.
«Мындан бир нече жылдар мурда мен дагы ушундай сыйлык тапшырууларды карап отуруп, Фейсбук баракчама «Бийлик качарда эле сыйлыктарды тапшырып калат» деп, «дүжүрлөргө берилет» дегендей пост жаздым эле. Азыр ушул сыйлыктарды тапшырып жатканда ошол сөзүмдү алып чыгып «өзү дагы сыйлыктарды жапырт тапшырып жатат» дегендей сын пикирлер болду. Мурда өзүңөр жакшы билгендей сыйлыктардын баары сатылчу, тааныш-билиштер алчу. Акчаң болбосо бир да сыйлык ала алган эмессиңер. Мен бийликке келгенден баштап сыйлыкка сунуштар келгенде комиссия чогултуп «мындан ары татыксыздарга, акчага эч кандай сыйлык берилбеши керек» деп айттым. Наамды, сыйлыкты сатып алганда мамлекет эч качан өнүкпөйт», — деди Жапаров.
Садыр Жапаров 1-сентябрда өлкөнүн эгемен күнүнө карата бир катар адамдарга мамлекеттик сыйлыктарды, наамдарды ыйгарды.

МУРУНКУ АЯЛЫН ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын билдиришинче, кандуу окуя Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринин короосунда 26-августтан 27не караган түнү болгон. Анда 24 жаштагы келинге 17 жолу бычак сайылганы, кылмышка шек саналып 1989-жылкы мурдагы күйөсү кармалып, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени айтылат. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда барган сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден ашкан.
Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн. Соңку учурда адам өлүмү менен аяктаган, кыз-келиндерге, аялдарга карата үрөй учурган зомбулук фактылары орун алууда.

КАЗАК-КЫРГЫЗ ЧЕК АРАСЫНДАГЫ БЕКЕТТЕР ЖАБЫК БОЛОТ

Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрмө бекет 2-августта убактылуу жабыларын билдирди. Анда мындай тоскоолдук тышкы миграциянын эсебин алуу бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу экени айтылат.
Ага ылайык, шейшембиде «Ак-Тилек Автожол» 11.00-13.00, «Кең-Булуң Автожол» 14-16.00, ал эми «Токмок Автожол» өткөрмө бекети 17.00-21.00 убакыт аралыгында жабык болот.
Чек ара кызматы жолоочуларды, айдоочуларды сапарларын кыска мөөнөткө жабылган жагдайды эске алуу менен уюштурууну өтүндү.

Количество просмотров: 1346