• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Жапаров Токаевге жолукту. Коронавирустан 1 адам каза болду

2 Жалган куран 2021 14:35 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Бишкекте дагы бир бейтаптын өмүрүн алды. Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 2-мартта билдирди.

Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери илдеттен кайтыш болгондордун жалпы саны 1467 кишиге жетти. Расмий статистикага караганда, акыркы бир ай ичинде өлкөдө илдет 53 адамдын өмүрүн алды. 2-февралдагы маалыматта курмандыктардын жалпы саны 1414 болчу.

Бир күндө вирус 57 кишиден жаңы аныкталды.

Пандемияда илдет жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 300 киши болду. Анын 83 269у сакайган. Бир күндө ооруканалардан 59 бейтап айыгып чыкты.

ЖАПАРОВ ТОКАЕВ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта, мамлекеттик иш сапарынын алкагында Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечеги талкууланды.

Касым-Жомарт Токаев тараптар күн тартибиндеги эки тараптуу бир катар актуалдуу темаларды дыкат талкуулашканын, мындан аркы алакалардын негизги багыттарын аныкташканын, аймактык жана эл аралык түзүмдөрдүн алкагында диалогду бекемдөө боюнча пикир алышкандыгын айтып, тар чөйрөдөгү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттанганын белгиледи.

Казакстандын президенти өлкөлөр ортосунда өз ара алгылыктуу чечимдерди табууга мүмкүн болбой турган маселе жок экендигин кошумчалады.

Садыр Жапаров Казакстанга бугун барган.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев, Парламенттин Мажилисинин Төрагасы Нурлан Нигматулин жана Премьер-министр Аскар Мамин менен жолугушат.

Ошол эле учурда, мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Казакстандын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган.

ФИНПОЛДУН БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы К.Н. кармалды. Ал 1-мартта Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Жазык кодексинин 319-беренеси (Коррупция) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында кармалган.

УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө: «ЭККМК кызматкерлери, кызматтык абалынан пайдаланып, жарандар менен сүйлөшүп алып, Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана ири өлчөмдөгү каражаттарды Кыргыз Республикасынан чыгарып кетүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкан.

Ушул мыйзамсыз иш-аракеттердин кесепетинен 2020-жылдын март айынан октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынан 59,5 миллиард сом сыртка чыкса, ошол эле учурда салык төлөөдөн качкандардан 500 миллион сомдон ашык зыян болгон. Алынган маалыматка ылайык, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын кызматкерлери аталган мыйзам бузууларды жашырганы үчүн аталган каналдын уюштуруучуларынан 180 миллион сом өлчөмүндө пара алышкан», — деп айтылат маалыматта. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Буга тиешеси бар адамдарды тактап жатышат.

Количество просмотров: 98